Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Таласта милиция кызматындагы айымдардын кесиптик даярдык боюнча кароосу жыйынтыкталды


ТАЛАС. Бүгүн (4-апрелде) Таласта милиция тармагында иштеген кыз-келиндер арасында кесиптик даярдык боюнча конкурстун жыйынтык туру өттү. Жыйынтыктоочу турга катышууга укук алышкан сегиз кыз-келин бир күн мурун тапанча атуу боюнча даярдыктарын көрсөтүшкөн. Бүгүн мелдештин катышуучулары Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте өткөн соңку таймашта тапанчаны чачып кайра чогултуу, Кыргызстандын жана анын милициясынын тарыхынан кабардар болуу, өз кызматынын өзгөчөлүктөрүн билүү жана саясый даярдыгы жаатында калыстардын сынынан өттү. Ал эми таймашуунун калган түрү аялзаттын табиятына жакын ырдоо, бийлөө, гүлчамбар жасалгалоо сыяктуу нукта жүрдү. Баш байгени калыстар тобу облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Бермет Темирбаевага ыйгарды. Эми ал 11-апрелде Бишкекте өтүүчү жумурияттык конкурста Талас облусунун намысын коргойт. Кошумча айта кетчү маалымат, Талас өрөөнүндө 400дөн ашык милиционердин 70ке жакынын кыз-келиндер түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG