Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражат айыл өкмөттөрүнө бөлүштүрүлө баштады


БИШКЕК. Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстандагы айыл жериндеги абалды жакшыртуу үчүн грант түрүндө бөлүнгөн 15 млн АКШ доллары айыл өкмөттөрүнө бериле баштады. Бул тууралуу бүгүн Айыл өкмөттөр ассоциациясынан маалымдашты. Буга чейин бул грант боюнча өлкөдөгү 79 айыл өкмөтүнүн долбоорлору жактырылып, ар бирине 25-30 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат бөлүндү. Бул каражаттар негизинен айыл-кыштактарды таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо, маданий жана социалдык объектилерди куруу иштерине жардам катары жумшалат. Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 15 млн АКШ доллары өлкөдөгү 250гө жакын айыл өкмөтүнө бөлүштүрүлөт. Учурда ошондой эле жумурияттык бюджеттен атайын айыл өкмөттөрү үчүн бөлүнгөн 65 млн сом өлчөмүндөгү акча каражаты да долбоорлор боюнча бөлүштүрүлүүдө. Ассоциациядан маалымдашкандай, өткөн жылы айыл өкмөттөрү үчүн бюджеттен бөлүнгөн 40 млн сом акыйкаттык менен бөлүштүрүлгөн эмес. Кыргызстанда жалпысынан 470 айыл өкмөтү бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG