Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Кыргызстан Шаарлардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын дүйнөлүк уюмуна мүчө болду


БИШКЕК. Шаарлардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын дүйнөлүк уюмунун Евразиялык бөлүмү түзүлдү. Мындай чечим 1-3-апрель күндөрү Казанда өткөн КМШ, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын шаарлар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган жыйынга катышып келген Кыргызстандын айыл өкмөттөр Ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Шаарлардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын дүйнөлүк уюмунун Евразиялык бөлүмүнө КМШ, Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголия кирет. Ага Кыргызстан да мүчө болду. Шаарларды жана өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүнү башкы максат кылып койгон бул регионалдык бөлүмдүн баш кеңсеси Татарстандын ордо шаары Казанда жайгашат жана анын башкаруу Кеңешинин жетекчилигине Казандын шаар акими Камил Искаков шайланды. Кыргызстандан бул кеңешке Кыргызстан шаарлар ассоциациясынын төрагасы Зоотбек Кыдыралиев мүчө болду.

XS
SM
MD
LG