Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Журналист Бахпурбек Аленовдун укугун коргоо аракеттери улантылууда


БИШКЕК. Эртең Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Замир Парманкулов, Дооронбек Садырбаев жана башка саясатчылар өлкөнүн башкы прокуроруна убактылуу кармалып жаткан журналист Бахпурбек Аленовду тергөө иштери аягына чыкканга чейин депутаттардын кепилдиги менен боштондукка чыгарууну өтүнүп кайрылышат. Бул жөнүндө бүгүн «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев «Азаттыкка» маалымдады.
Буга чейин Кубан Мамбеталиев Бахпурбек Аленовду тергөө амалдары аяктаганга чейин шаардан чыкпоого милдеттендирүү менен убактылуу камактан бошотууну өтүнүп, өлкөнүн башкы прокурорунун атына кат жолдогон. Бирок, башкы прокуратура мындай өтүнүчтү четке кагып, Бахпурбек Аленовду ички иштер башкармасынын убактылуу кармоо жайынан Юстиция министрлигинин тергөө абагына которуу боюнча буйругун чыгарган. 2-апрель күнү ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Бахпурбек Аленов суракта күнөөсүн мойнуна алды" деген маалыматты тараткан. Ал эми саал мурдараак «Азаттыктын» кабарчысына убактылуу абактан берген маегинде Бахпурбек Аленов ага коюлган күнөөлөр негизсиз деп билдирген. «Энесай» эркин гезитинин редактору Бахпурбек Аленов Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев жөнүндө сын макала чыгарам деп опузалап 800 доллар талап кылган деген доо менен өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси боюнча айыпталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG