Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:48

ДЕПУТАТ ТОКТОКАН БОРОМБАЕВА: «Айрым министрлер мамлекеттик каражаттын эсебинен парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатышат»


Эми назарыңыздарга Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаева менен болгон маекти сунуштайбыз. Маекте келээрки парламенттик шайлоого карата камылгалар жана саясатка аялдардын катышуусу тууралуу сөз болот.

- Токтокан айым, президент келээрки жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого алдын-ала үгүт өнөктүгүн токтоткула деп айтты эле. Бирок, баары бир тымызын даярдыктар жүрүп жаткандай. Сиз бирдиктүү жумурияттык округдан шайланган депутат катары өлкөнүн аймактарын кезген учуруңузда ушундай көрүнүштөрдү байкап жатасызбы?

- Материалдык жактан өз ордун тапкан ишкерлер өсүп чыкты. Ошолордун баары азыр шайлоого даярданып жатышат. Алар менен катар көп министрлер да даярдык көрүп жатышат. Быйылкы жыл «социалдык мобилизациялоо жылы» деп жарыяланган. Мына ушул жылды шылтоо кылып, көп министрлер өздөрү талапкер боло турган болжолдуу округдарга барып, министрликтердин каражатын жумшап, башка региондорду таштап коюп, турмуш-тиричилик жагынан бул чөлкөмдөргө көп жардам берип жатышат. Көп жерлерде абдан чоң тойлорду өткөрүп, улак тартыш оюндарын уюштуруп жатышат. Анда абдан кымбат машиналарды, телевизор жана башка өтө кымбат белектерди байгеге берип жатышат.

Ошонун баарын элдин баары көрүп турат жана анын баары кандай максат менен, эмне үчүн жасалып жаткандыгын билип турат. Бирок, «каражатты кайдан алып жатасың, айлыгың ушуга жетеби?» деп сураган бирөө жок. Маселен, акчанын булагында отурган адам акча берет, суу куруучу суу түтүгүн салат, үй куруучу үй курат. Анын мамлекеттик кызматы боюнча аткара турган милдети ошол. Ал үчүн республикалык бюджеттен акча бөлүнүп жатат. Бирок, ошол каражатты кайда жумшап жатышат?

Мына ушул көрүнүштөргө кайдыгер караган коом дагы терс көрүнүштөрдүн жаралышына жол берип жатат. Маселен, айрымдары «Алып келе берсин, жей беребиз, шайлоодо көрөбүз» деген ойдо болуп жатышат. Муну менен шайлоочу өзүн-өзү алдап жатат. Анткени, алар барган адамга бата берип, жакшылыкты каалап, кайра жөнөтүп жатат да!

Менин оюмча, коом ушуну жакшылап анализдеп туруп, добуш бериши зарыл. Анткени, эмдиги парламент абдан күчтүү парламент болушу керек. Эгер эл түшүнө турган болсо, президенттик шайлоо дагы ошол парламентке жараша өтөт.

- Бирок, тилекке каршы, даярдык көргөндөрдүн арасында аялдар аз болууда. Буга эмне себеп болууда?

- Менин коллегаларым: «Сиз гендердик маселени такай көтөрөсүз, силерге ким тоскоолдук кылып жатат, шайлана бербейсиңерби» деп калышат. Туура, мыйзам чегинде эч кандай тоскоолдук жок. Бирок, мүмкүнчүлүк таптакыр башка. Мыйзамдык укук бар, бирок, күндөлүк жашоо укугубуз мыйзамдык укуктан төмөн. Анткени, айлана-чөйрөдөгү түшүнүксүздүк күчтүү.

Чындыгында, Кыргызстанда аялдар калктын 52 пайызын түзөт. Эгерде аялдар аялзатын колдогондо, парламентке жалаң аялдар келиши мүмкүн деген коркунуч пайда болмок. Албетте, мындай парламенттин бизге кереги жок. Ар бир жамаатта аялдар да, эркектер да болушу керек. Ошондо толук кандуу жамаат болот.

- Көп окумуштуулар аялдардын саясатка аз аралашуусуна улуттук менталитет катуу тоскоол болот деп айтышат. Сиз ушуга макулсузбу?

- Көп жигиттер: «Аялдар саясатка аралашаарда тандоочу эки маселе бар, ал - саясат же үй-бүлө. Алар саясатка келээрден мурун ушул эки нерсени салыштырып көрүшүп, көпчүлүгү аялдар үчүн ыйык нерсе болгон үй-бүлөнү тандап алышат» деп айтышат.

Мен буга таптакыр макул эмесмин. Эгер андай болсо, аялдар оор жумуштарда үй-бүлөсүн таштап коюп иштеп жүрүшпөйбү?! Маселен, Орусияга барып соода кылып, же Казакстандын тамеки талааларында иштеп жүрүшөт.

Эркектер ушуларга келгенде эмне үчүн «үй-бүлөң ыйык, үй-бүлөңдү таштаба» деп айта алышпайт? Алар «суукта, сыз жерге отуруп соода да кыл, тамеки талаасында да иштей бер, үй-бүлөңдү да бага бер» дешет. Эмне үчүн ушуга тең карабайбыз? Оор жумушка келгенде, баарын жасай бер деп уруксаат беребиз дагы, акчалуу, кадыр-барктуу, таза жумушка келгенде, «үй-бүлөң - ыйык» деп калабыз?

Албетте, депутаттын да, министрдин да айлыгы салыштырмалуу жогору, жашырганда эмне… Мына ушундай кызматка келгенде: «Жок, үй-бүлөңдү таштаба, саясатка эркектер эле барсын!» дейбиз. Бул - туура эмес!

Анан дагы кээ бирөөлөр аялдар саясатта жакшы иштей албайт деп калышат. Мен буга да кошула албайм. Маселен, депутаттыкка талапкерлердин эле демилгечи тобунун 50 пайыздан 80 пайызга чейинкисин аялдар түзөт. Муну депутаттардын өздөрү да айтып жүрүшөт. Аялдар үгүт-насаат иштерин жүргүзгөндө үй-бүлөсүн кечип таштап, убактысын, күч-кубатын кетирип коюп иштеп жүрүшөт.

Бул жерде алар саясатка аралашпаганда, эмне иш кылып жүрөт? Демек, бул жерде айымдарга карата «үгүт-насаатчы гана бол, саясатта мен эле болоюн» деген көз караш жарайбы? Эмне үчүн ошол талапкерлердин бирөө да «сен депутат бол» деп аялзатынын өкүлүнө айта албайт?

- Ал эми аялдар партиясынан келген депутат катары аялдардын укугун коргоо жаатында кандай иш жасадыңыз?

- Мен негизинен аялдардын укугун коргой турган мыйзамдарды даярдап, депутаттар менен иш алып барып, долбоорлордун айрымдары кабыл алынды. Алардын арасында «Үй-бүлө» кодекси жана аялдардын укугун коргоо боюнча мыйзамдар бар.

Айрыкча, мени кубанткан ийгилик - бул Кылмыш-жаза кодексине адамды сатууга жаза берүү жобосунун киргизилгени болду. Азыр адам эң арзан жумушчу күчү болуп калды. Ушундан пайдаланып, адамдар бири-бирин, керек болсо туугандар бири-бирин Орусияга, Казакстанга алып барып сатып жатышат. Бул азыр өтө зор мүшкүл болуп калды.

Албетте, алар адамды соодалап, анын укугун тепселенген жерге сатып жаткандыгын түшүнүшпөйт. Алар жөн эле жумуш таап берип, жакшылык жасап жатам деп ойлошот. Тилекке каршы, өзүбүздө жумушсуздуктан улам ушуга барып жатышат. Андан тышкары, айрыкча, кыздар соодаланып жатышат. Алар жумушка иштөө үчүн эле соодаланса жакшы эмеспи, алардын көбү сойкулук кылууга сатылып жатат.

Мен бул көйгөйдү Түркияга, Казакстанга барып иликтедим. Ал жактагылар төбө чачты тик тургузган маселелерди айтышты. Ал жактан келгенден кийин Кылмыш-жаза кодекси менен Административдик кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштадым. Ал сунуш өтүп, азыр Кылмыш-жаза кодексинде алгачкы ирет «Адам соодалоо» деген 124-берене пайда болду. Ага ылайык адамды саткан адамга кылмыш жазасы берилет.

Бул маселени бир да депутат жигит көтөрүп чыккан жок. Ошондуктан, аялдар парламентте аз болсо да, сөзсүз болуш керек деген ишенимдемин.

- Токтокан айым, маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!
XS
SM
MD
LG