Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Кофи Аннан Орусияга үч күнгө келди


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Орусиянын президенти Владимир Путин менен Косоводогу жана Ирактагы кырдаалды талкуулайт. Орусиянын тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, сүйлөшүүдө ошондой эле БУУ менен Орусиянын алакасы сөзгө алынат.
Косоводо өткөн айдагы коогалаңда миңдеген сербдер үйлөрүн таштай качып, 29 серб каза тапкан эле. Провинция учурда БУУнун көзөмөлүндө. "Америка Кошмо Штаттары башкарган Иракта бийлик Бириккен Улуттар уюмунун колунда болушу керек" деп билдирди тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Яковенко.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG