Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:26

Иракта нааразылык жүрүшүндөгү атышууда 20 чакты киши мерт болду, 100дөн ашуун киши жараат алды


Нажаф, Ирак. Испаниялык тынчтыкты камсыз кылуу аскерлери менен кагылышуу кандайча башталганы анык эмес. Айрым күбөлөр демонстранттар шаардын четиндеги оккупациялык күчтөрдүн турагына кирүүгө аракеттенгенде, испан аскерлери ок ачканын билдиришти. Башкалар биринчи болуп демонстранттар ок ачкандыгын айтышууда.

Демонстранттар коалициялык күчтөргө каршы зордукчул аракеттерди шыкактады деп кармалган молдону (Sayyid Mustafa al-Yacoubi) бошотуу талабы менен чогулушкан эле.

- Биз Саид Мустафа ал-Якубинин кармалышына нааразыбыз. Ошондой эле Ирактын Башкаруу Кеңеши менен биригип алып, элге дүрбөлөң салган коалициялык күчтөргө да нааразыбыз, - деп билдирди Багдадда Шейх Жасим ал-Кара Гули (Jassim al-Qara Ghouli).
Демонстранттар өткөн аптада америкалык бийликтер тарабынан "ал-Хафса" гезитинин жабылышына да нааразылык билдиришти.
Анын аралыгында Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында жардыруу болду.
Нааразылык акциясын көзөмөлдөп турган америкалык аскерлердин жанында жанкечти отурган машина жарылганда, беш ирактык, эки америкалык жараат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG