Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

ӨЗБЕК БИЙЛИКТЕРИ КОШМО ШТАТТАРДЫН ТЕРРОРЧУЛАРДЫ ИЗДӨӨ БОЮНЧА СУНУШУНА КӨНБӨДҮ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Өзбек бийликтеринин маалымдашынча, өтүп бараткан жумада болгон террордук жардырууларга жана чабуулдарга тиешелүү адамдарды издөө улантылууда. Өткөн жекшемби күнү башталган калабалуу окуялардан бери дегенде 47 киши, анын ичинде милициянын10 кызматкери өлгөн эле. Ырасмий бийликтер террордук чабуулдар үчүн ваххабийлерди жана “ал-Кайида” менен байланыштагы Өзбекстан ислам кыймылын күнөөлөөдө.

Бухара облусунун Кахрамон кыштагында өткөн жекшемби күнү (28-мартта) болгон жардыруудан башталып, кийин Ташкенде төрт күн бою уланган калайман окуяларда 47 киши набыт болду. Өзбекстандын башкы прокурору Рашид Кадыровдун соңку билдирүүсүнө караганда:

- Колдо жасалган бомбаны жардыруудан жана атайын операциялар учурунда 33 террорчу өлтүрүлдү. Алардын жетөө аялдар. Ошондой эле 14 киши, анын ичинде 3 бала да өлдү. 35 атуул түрдүү деңгээлде жаракат алды.

Жардыруу үйүн кыйраткан Немат Раззаковдун Ассошиейтед пресстин кабарчысына айтышынча, анын уулу Нормат узактан бери жумушу жок эмне кылаарын билбей жүргөн. Нормат коңшу үйдө жашаган “Гайрат” деген жигит менен достошкон жана аны менен чогуу үйгө жер семирткич деп, жардыргыч заттарды алып келип сактаган. Гайрат, башкы прокурордун ырасташынча, 1999-жылы Ташкендеги жардырууларды уюштурду деп күнөөлөнгөн Өзбекстан ислам кыймылынын аскерий базасында машыгуудан өткөн.

Немат карыянын үйүндөгү калаймандан анын небере кызы, уулу, уулунун белгисиз тааныштары болуп, 9 адам өлгөн. Өзбек бийликтери 2 айлык наристеден башкасынын баарын бийликтерге кол салууга даярдык көрүп жаткан террорчулар деп айыптады.

Кахроман кыштагынын калкынын 80 пайыздайы жумушсуз. “Бизде ишибиз болсо, мындай жамандыктар болмок беле?”-дейт атын атабоону суранган 46 жаштагы тургун.

“Азаттыктын” Ташкендеги кабарчысы Шайбонинин жекшемби күнү билдиришинче, террордук чабуулдар башталгандын эртеси күнү, азыр абакта отурган өзбек жазуучусу Мамадали Махмудовдун уулу Бабур камакка алынган:

- 30-март күнү милиция кызматкерлери таанымал өзбек жазуучусу Мамадали Махмудовдун үйүнө келишип, анын уулу Бабурду алып кетишкен.

Мамадали Махмудов 1999-жылы Ташкенде болгон жардырууларга катышы бар деп айыпталып, 14 жылга абакка кесилген.

Адам укугун коргоочу эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюмунун кызматкери Алесин Гив айым:

- Бабурдун эмне себептен камалганын мен билбейм. Анын себебин бийликтер бизге айтышпайт. Бабурдун өзүнө да анын камалуу жайын айтышкан эмес.

Дал ушул Гив айым Махмудовдун байбичеси менен эки күн бою мекемеден-мекеме кыдырып жүрүп, Бабурдун кайда кармалып жатканын араң билишкен.

Ырасмий Ташкен террордук жардырууларга байланыштуу маалыматтарды өтө чектеп койгон. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын башчысы Полина Браунберг айымдын айтышынча:

- Эл арасында басма сөзгө, телевидение менен радиого үмүт жана ишенич жок. Эгерде массалык маалымат каражаттары бу окуялар тууралуу кеңири маалымат беришсе, адамдар ар кандай имиш-имиш кептерди айтышмак эмес.

Бул кепти Өзбекстан укук коргоо коомунун төрагасы Талиб Якубовдун сөзү да бекемдейт:

- Биздин уюм менен кызматташкан бир жигитти жардыруу болгондон бир күн кийин милиция алып кеткен эле. Ал эки күн бою ички иштер башкармалыгында кармалып, андан соң чыгарылды. Анын сөзүнчө, ал милициянын көптөгөн адамдарды кыйнап жатканын өз көзү менен көрүп, кулагы менен уккан. Ал ошондой эле тергөөчүлөр үч жигитти урушуп, буттарын сындырып коюшканын, аялдар өтө көп кармалып жатканын мага айтты.

Ал эми бийликке оппозициядагы Эрк партиясынын башкы катчысы Атаназар Арипов террордук жардырууларга байланыштуу динзар адамдарды камакка алуу учурлары көбөйгөнүн билдирди:

- Азыр намазгөйлөр “ваххабий” же “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөсү деп камакка көп алынууда.

Өзбек бийликтеринин билдиришинче, ушу тушта кандуу калабага байланыштуу сегиз адам изделүүдө. Анткен менен, ырасмий Ташкен бул окуяларды изилдеп-тергөөгө жардамдашуу жөнүндөгү АКШ өкмөтүнүн сунушун четке какты.

Ал жөнүндө өзбек оппозициясынын лидери, таанымал акын Мухаммад Салих мындай дейт:

- Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл террордук окуяларды изилдөө жана тергөө иштерине жардамдашалы деп Өзбекстанга сунуш кылды. Бул сунушка тышкы иштер министри Сафаев өтө курсант болуп, бирок, “ооба” же “жок” деп жооп бергенге вазийпасы жетпеди окшойт. Маалым болгондой, мамлекет башчы Ислам Каримов сунушка макул болгон жок.

XS
SM
MD
LG