Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

ЕККУнун төрагасы Өзбекстанга келди


"Итар–Тасс" агенттигинин маалыматына караганда, ЕККУнун учурдагы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Паси бүгүн Ташкенде президент Ислам Каримов баштаган өзбек бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктан башка чөлкөмдөгү коопсуздук, атап айтканда, эларалык террорчулукка жана диний экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланмакчы. Жолугушууда тараптар ошондой эле өткөн аптада Ташкенде жана Бухарада орун алган терракттар боюнча да пикир алышаары да күтүлүүдө. Мындан сырткары ЕККУнун төрагасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү министрлери менен кездешет. Алар Ташкенге ЕККУнун эгидасы астында өтүп жаткан конференцияга катышуу үчүн келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG