Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Словакиядагы президенттик шайлоонун алгачкы айлампасында мурдагы премьер- министр Владимир Мечьяр алдыңкы орунга чыкты


Бийликте турган кезинде батыштык саясатчылар тарабынан демократияны жактабаганы үчүн сынга алынган Владимир Мечьярдын шайлоодогу ийгилиги күтүүсүз болду. Ал шайлоонун 17–апрелдеги экинчи айлампасында өзүнүн мурдагы саясий өнөктөшү, парламенттин мурдагы төрагасы Иван Гашпарович менен атаандашат. Ал эми Словакиянын тышкы иштер министри, башкаруучу партиянын талапкери, добуш берүү алдындагы сурамжылоолордо биринчиликте жүргөн Эдуард Кукан үчүнчү орунду ээледи. Жекшембиде Словакияда кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча референдум да болгон эле. Бирок добуш берүүгө келгендердин саны мыйзам талап кылган чекке жетпегендиктен рефрендум жараксыз деп табылды.

XS
SM
MD
LG