Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия «Евразийа баарлашуусу (диалогу) платформасынын» сүрөөнчүлүгү астында кечээ (жекшемби күнү) Стамбул шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Т.Айтматовдун 75 жылдык тойуна арналган атайын шерине өткөрүлдү.

Кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 75 жашка чыккандыгына байланыштуу кечээ күнү Стамбул шаарында «Евразйа Диалогу платформасы тарабынан уйуштурулган “Евразийанын кыйыры (горизонту): Китеп жана маданийат шеринеси” деп аталган маданий иш-чара өткөрүлдү. Жемал Решит Рей атындагы чоң жыйын залында өткөрүлгөн бул шеринеге Евразийа чөлкөмүндөгү 9 өлкөдөн 43 жазуучу жана акын, анын ичинде ардактуу конок катары Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов өзү да катышты.

Шеринени ачыш үчүн сахнага келген Чыңгыз Айтматов колунда кармаган бир шамды символдук түрдө жагып: “Бүгүн бул жерде кыргыз маданийаты жана адабийатынын атынан турам. Кыйла узун бир заманга бири-бирибизден ажырашып калдык; бирок мына еми биригип жатабыз, анткени биз - бир улутпуз”, - деди.

Кыргызстанда демократийаны түптөп жаткан кезде алатоолуктар Түркийанын тажрыйбасынан пайдаланылып жаткандыгын белгилеп: “75 жашка чыкканыма карабай, күч-кубатыман али кете элекмин. Ажал келгенге чейин жазууну улантам” , - деп жазуучу кошумчалап өттү. Чыңгыз Айтматовдун бул сөздөрүн залдагы эл дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштоду.

Жазуучудан кийин сахнага Түркийанын мурдагы маданийат министри Истемихан Талай, «Евразийа баарлашуусу платформасынын» борбордук комитетинин төрагасы, профессор Илбер Ортайлы жана Стамбул шаарынын мурдагы шаар акими Али Мүфит Гүртуна чакырылып, алар “Залкар жазуучулар жана чыгармалар” деп аталган шеринеге катышкан жазуучулардын сүрөттөрү, чыгармаларынын капкактары жана өлкөлөрүнүн желектери басылган символдук чоң албомдун бет ачаарын өткөрүштү.

Быйылкы шерине Чыңгыз Төрөкул уулунун 75 жылдыгына арналгандыгы үчүн, жазуучуну жана Кыргызстанды тааныткан бир кинотасма койулду жана артынан сахнага Азербайжандан келген атактуу жазуучулар Анар менен Элчин чакырылды.

Грузин жазуучусу Лео Киачинин сыйлыгын алыш үчүн сахнага келген Лиа Струрова грузин тили көөнө жана татаал бир тил болгонуна карабастан, «Евразийа баарлашуусунун» Киачинин чыгармаларын түрк тилине которгонуна өз ыраазычылыгын билдирди. Түркмөн жазуучусу Илйас Амангелдиге дагы башка бир сыйлык ыйгарылды.

Учурда АКШда дарыланып жаткан таанымал диниятчы, Борбор Азийа жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө түрк лицейлерин ачкан коомдун ардактуу төрагасы Фетулла Гүлендин “Адамдын дилиндеги сүйүү” деген чыгармасы да сыйлыкка татыктуу болуп, сыйлыкты алыш үчүн сахнага келген журналист Хусейин Гүлерче чакан байандама жасады. “Бардык согуштарга, тирешүү жана салгылашууларга карабастан, желаргысы дүйнөнүн бардык бурчтарында сезилип жаткан баарлашуунун жаңы учуру башталды” деп айткан Гүлерче: “Эгерде биз бул баарлашуунун, түтүмдүүлүктүн жана сүйүүнүн учурунан пайдалана албай калсак, анда адамзатка чоң кыйанат жасаган болобуз”, - деп билдирди.

Шеринени өткөргөн сүрөөнчүлөрдүн катарында Түркийанын маданийат министрлиги, Стамбул шаар акимияты, Түркийа жазуучулар бирдиги, Түрк адабийат кору жана «Уфук» басма үйү болду. Шерине келээрки жылы Москвада өткөрүлөөрү жана мындан ары аны жылына бир жолу өткөрүү салтка айланылаары тууралуу маалымдалды.
XS
SM
MD
LG