Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Министрлик эскертет


БИШКЕК. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев көчкү жүрүү коркунучу бар жерлерден элдерди көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушу менен жергиликтүү бийлик органдарына кайрылды. Анда жаз мезгилинде көчкү жүрүү коркунучу күчөөрү айтылып, ал эми министрликтин кызматтарынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана элди эскертүү талап кылынган. 3-апрелде болсо Каракулжа районунун Сарыбулак айылынын 16 жаштагы тургуну Султаналы Орозалиев көчкүдө калып, набыт болгон. 5-апрелде түнү ушул эле райондун Каракулжа-Сарыбулак жолунда жалпы көлөмү 2 миллион кубометр келген көчкү жүрүп, автоунаа жолу тосулган. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Министрликтин маалыматы боюнча, өлкө аймагында 4 миңден ашуун көчкү жүрүүчү жер бар.

XS
SM
MD
LG