Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

«Эркин экономикалык аймактар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилеби?


БИШКЕК. «Нарын», «Каракол» жана «Маймак» эркин экономикалык аймактарынын ишмердүүлүгүн атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия тарабынан текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн каржы министрлигинен маалымдашты. Ал эми Ыссыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева «Азаттыкка» маалымдагандай, «Каракол» эркин экономикалык аймагын Чолпоната шаарынын «Тамчы» аэропортуна жакын жерге которуу жана анын ишмердүүлүгүн туризмди өнүктүрүүгө гана багыттоо өкмөткө сунушталат. Учурда «Эркин экономикалык аймактар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү маселеси көтөрүлүүдө. Өткөн айда өлкөдөгү эркин экономикалык аймактардын иштиктүүлүгү өкмөт жыйынында каралып, «Нарын», «Каракол» жана «Маймак» эркин экономикалык аймактарынын ишмердүүлүгү канааттандырарлык эмес деп табылган. Өкмөттүк комиссияга ушул жылдын 1-июнуна чейин аталган эркин экономикалык аймактардын иштиктүүлүгүн толугу менен иликтеп-текшерип чыгуу тапшырылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG