Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Жогорку сот Аксы окуясын карайт


БИШКЕК. 6-апрелде Жогорку сот Аксы окуясында жабырлангандардын апелляциялык арызын карай баштайт. Ал сот жараянына катышуу үчүн бүгүн Аксыдан жети адам жолго чыкты. Алардын арасында Аксы окуясында жакындары каза болгон Четимбаев Момбек, Үркүнбаева Камкаян, Сатымбаева Айбарча, Тагаева Алымкан, ал окуяда жоон санына ок тийген Абдыгул Садыров жана жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков бар. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун жардамчысы Тажимамат Туралиев билдирди. Анын айтымында, жабырлануучулардын Бишкекке барууга унаа жагынан жардам берүү тууралуу өтүнүчүн райондук бийлик аткарган жок, ошондуктан алар өз каражаттары менен жолго чыгышты.

XS
SM
MD
LG