Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

В. Путин менен К. Аннан Кремлде жолугушту


Президент Владимир Путин Улуттар Уюму глобалдык карым-катнаштын жөндөөчүсүнө айлантуу үчүн уюм алкагында да өткөрүлүп жаткан реформаны Россия колдоорун БУУнун башкы катчысы Кофи Аннанга билдирди.

Кремлде өткөн жолугушууда Путин ошондой эле “эларалык маселелерди чечүүдө Улуттар Уюмунан башка бир да натыйжалуу инструмент жок” экенин белгиледи.

Аннан өз кезегинде Путинге кийинки бир жылда эларалык кырдаал акырындап жакшыра баштаганына көңүлү толгонун айтты.

- Өткөн жылы өкүм сүргөн курч жагдай аз да болсо жөндөлүп калды жана мен өкмөттөрдүн жалпы кызыкчылыктардын үстүнөн иштөө үчүн чогуу аракеттенип жатышканын көрүүдөмүн.

XS
SM
MD
LG