Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Террорчулар Испанияны опузалап коркутту


11-мартта Мадриддин темир жол бекетинде болгон жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган топ испандардын “Ей-би-си” гезитине кат жолдоп, өлкө Американы колдоону токтотуп, өз аскерлерин Ирактан жана Ооганстандан 4-апрелге чейин чыгарып кетпесе, Испания “тозокко” айлантылат деп эскертти.

Колдо жазылып, факс аркылуу жөнөтүлгөн катты гезит Мадрид жардырууларына тийешеси бар деп шектелип, жекшемби күнү курчоого алынган беш адам өздөрүн жардырып өлтүрүшкөндөн бир нече саат илгери алган.

Арабча жазылган катка 191 адамдын өмүрүн алган 11-марттагы террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти видеобилдирүүдө өзүнө алган Абу Дужайна ал-Афгани кол койгон. Испан өкмөтүнүн өкүлү факс аркылуу жөнөтүлгөн катка ишенсе болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG