Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРДАМДЫН КАЙРЫМЖЫСЫ КАНДАЙ?


Союз маалында Кыргызстан борбордун жардамын алып турчу. "Эгемендик тушунда Кыргызстан чет элдик колдоого ыктап, өз алдынча экономикалык саясат жүргүзө элек", деген сын пикирлер арбын айтылат. Антишке “көмүскө экономика” үлүшүнүн көптүгү, коррупциянын терең жайылып кетиши, салык саясатынын мажестиги, өкмөттүн ички мүмкүнчүлүктү ийкемдүү пайдалана албай жатканы өбөлгө түзүүдө. Кыргызстанда салык, банк, мыйзам, сот, тартип коргоо системасынын өксүктөрү алдыга ыкчам жылууга кедергисин тийгизүүдө.

Кыргызстан өз алдынча жашай алабы, дегеле, мамлекет катары эмнелерди жасаш керектиги эгемендик жылдарында улуттук маани-маңызга ээ болуп чыга келди. Социализм тушунда борбордон кадыресе колдоо алып турган республика эгемендик тушунда эларалык уюмдардын, бай мамлекеттердин каржылык жардамына таянып, өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүү аракетинде.

Антсе да кийинки кездерде республика көз карандысыз экономикалык саясат жүргүзө алабы, болбосо каржылык колдоо көрсөтүп келаткан эларалык уюмдардын айткан-дегенинен чыга албай, ошолордун жетегинде жүрүп калабы, суроосу көп айтылчу болду. Алдагыдай пикирди жакында “АКИ пресс” журналы аркылуу Кыргызстандын өкмөт башчы орунбасарынын кеңешчиси Фред Хьюстон ачыкка чыгарды.

Анын ырасташынча, социализм заманында борбор Кыргызстандын республикалык бюджетинин 20-30% каржылап турчу. Эми деле ошол эле жагдай.

Эгемендик тушунда Кыргызстан жеңил шартта миллиард ашуун доллар карыз акча алды. Бул жетекчилердин ички мүмкүнчүлүктү издешине өбөлгө түзбөйт. Өлкөдө ички тартип, өз ара жардам жана кызыктыруу чаралары болмоюн ийгилик тууралуу оозанбай эле койгон оң, деп белгилейт Ф.Хьюстон мырза.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Жусуп Пиримбаев мындай пикир өтөле бир жактуу деп эсептейт.

- Бул проблеманы мындайча караш керек. Эмне себептен биздин өкмөт эгемендүү болгондон бери, өз алдынчалыкка жеткенден кийин негизги милдети – экономикалык саясатынын оң натыйжасына жетише албай келатат? Орчун маселе ушул. Эмне себептен натыйжа чыкпай атат? Мунун толгон-токой факторлору бар. Ошолордун бири мына ушул тыштан келген жардамдар. Анан, тышкы жардамдар боюнча менин оюм мындай. Туура, биз тышкы жардамдарды алып атабыз. Бирок тышкы жардамдарды, келген каражаттарды кайсы экономикалык багытка, кайсы материалдык негизди чыңдоого пайдаланууну өкмөт өзү чечпей, план жүргүзүү боюнча өз пикирин айта албай келатат.

Кыргызстандын каржы министрлигинин алдындагы Экономикалык изилдөөлөр институтунун директору, академик Турар Койчуев өкмөт ушу тапта жалаң эле сырттан келчү жардамды күтүп, ошого күнү түшүп отурган жери жок, деген пикирде. Анткен менен Кыргызстандын экономикасы ушу тапта сырткы жардамсыз, тышкы каржылык колдоосуз ыкчам өнүгүшү кыйын.

- Биринчиден, өкмөт колунан келишинче өзүбүздөгү шарттарды эсептеп, чөнтөгүбүздү эсептеп, мамлекеттин колунда кандай мүмкүнчүлүктөр бар – ошолорду эске алып аракет жасоодо. Бирок бүгүнкү күндө биздин мүмкүнчүлүктү, ички талаптарды эсепке алганда, инвестициясыз биздин экономика өз талабыбызды канааттандыруу деңгээлине жете элек. Албетте, ошол эле кезде сырттан жардам келет экен деп, ички мүмкүнчүлүктү издебей жаткан жалкоолугубуз да бар. Андайды таптакыр эле жок деп айта албайбыз,- дейт Турар Койчуев.

Өлкөнүн ички мүмкүнчүлүгүн эсептеп чыгуу, мындан ары жасалчу иштерди так аныктап алуу максатында кыргыз өкмөтү Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигин түздү. Жусуп Пиримбаев ушуга улай эле аткаруу бийлигинин түзүмүнө биртоп өзгөрүүлөрдү киргизиш керек деген пикирде.

- Себеп дегенде, экономикалык өнүгүү министрлигинин милдети мында турат: бизде болуп аткан реформалардын, кайсы багытта болбосун, айыл чарбасындабы, өнөр жайындабы, соодадабы – бардыгын бириктирип координациялап турган, жөнгө салчу органыбыз жок болчу. Муну финансы министрлиги менен аралаштырып жиберип, бул иш сыртта калган. Бүгүнкү күндө экономика министрлиги өз ордуна келди. Мындай структуралык өзгөрүүлөр жүргөндө айрым керексиз структураларды кыскартуу да керек болчу.

Турар Койчуев Кыргызстандын шартында облустук башкаруу системасы артыкбаш деген ойдо.

- Алыс, шарт-жагдайын эске алсак, Кыргызстандын түштүгүндө Ош, Жалалабад, Баткенде бир регионалдык башкаруу керектир. Түндүк жакта, менин оюмча, облустун деле кереги жок.

Кыргызстандын ишкерлеринин демилгеси менен жакында “көмүскө экономиканы” коңулдан чыгаруу маселелерин талкуулаган жыйын өттү. Быйылкы жыл социалдык дем-шык берүү, абийирдүү башкаруучулар жылы деп жарыяланды. Максат - ички мүмкүнчүлүктү ачуу, калктын жаратмандык кудуретин ойготуп, тыштан келчү жардамга сук артпай, өз алдынча иштөөгө шарт түзүү. Анын жыйынтыгын, албетте, убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG