Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

ЖҮРӨК ӨЙҮГӨН СУРОО: ҮЙ АРЗАНДАЙБЫ?..


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бишкекте үйлөрдүн баасы 2-3 эсеге кымбаттады. Канчалаган жылдардан бери акча чогултуп келаткандардын көбү кыялданып жүргөн үйгө жетпей калышты. Бирок Бишкекте кыймылсыз мүлктүн базары кайнап, адистердин айтымында, былтыр 10 миллиард сомдук үйлөрдү, квартираларды алып-сатуу болгон. Байкоочулардын баамында Бишкекте үйлөрдүн баасынын жакын арада арзандашы күмөн.

Баш калаадагы көп кабаттуу үйдөн бир бөлмө квартира алыш үчүн чөнтөгүңдө 4 миңден 8 миң долларга чейинки каражатың болуш керек. Жакшы райондорд үч бөлмө үйлөрдүн баасы 25-30 миң долларга чейин чыкты. А бир кезде мындай үйлөрдү 3-4 миң долларга эле алууга мүмкүн болчу. Албетте, жер тамдын да баасы кымбаттады. Азыр эски саман үйдүн баасы эле 7-8 миң долларды чапчып отурат. Күн санап өсүп аткан бааны көрүп туруп кандай болсо да бир түндүккө ээ болуп калайын деп күйүгүп жүргөндөр андан көп. Акчасын катып коюп, үйлөрдүн арзандашын кудайдан тилеп аткандар да мындан көп.

Былтыр Кыргызстанда 24 миң 839 кыймылсыз мүлк сатылыптыр. Адистердин айымында, кымбаттаганына карабай үй алып аткандардын саны азайган жок. Ал эми үй наркынын өсүшүнө бир нече кырдаал таасир эткендей. Учурда башкалаада эле 80ге жакын кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттиктер бар.
Ортомчулук кылган мындай фирмалар дагы баанын өсүшүнө өз салымын кошуп атат деп боолгологондор бар.

«Теодор» деп аталган фирманын атын атагысы келбеген кызматкери "Азаттыкка" өз оюн билдирди. Анын айтымында, Казакстандан, Өзбекстандан, Кытайдан ж.б. чет мамлекеттерден Бишкекке келип үй алып аткандар көп. «Чет өлкөлүктөр биздеги бааларды укканда күлүшчү. Мисалы, мынабул эле Алматыдагы баалар биздегиден канча эсе жогору болуп атат» дейт агенттиктин кызматкери. Анын айтымында, ортомчу фирмалардын бааны бир калыпта кармоо жана аны бара-бара жок дегенде Казакстандагыдай деңгээлге жеткирүү боюнча жашыруун саясаты бар. Ошол эле учурда үй ээси талап кылган баанын үстүнө 200 доллардан 1000 долларга чейин кошушу да кыймылсыз мүлктүн өзүнөн өзү кымбатташына шарт түзүүдө.

Ал эми дагы бир жеке агенттиктин кызматкери Светлана Андрееванын айтымында, буга ички миграция да себепчи болууда. Элеттен башкалаага келгендердин кыймылсыз мүлккө болгон муктаждыгы да өстү. Светлана Андрееванын пикиринде, көчүп аткан орус тилдүү калктын толкуну да басаңдады. Ошондуктан Кыргызстанда биротоло отурукташып, тапкан-ташыганын кыймылсыз мүлккө салгандар көбөйүүдө.

Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк менен иштөөчүлөр ассоцициясынын аткаруучу директору Рустам Сулейманов эң башкы эки нерсени белгилейт. Биринчиси, Америка долларынын наркынын түшүшү, экинчиси, Кыргызстанда банктар аркылуу ипотекалык ыкма менен кредит алуу системасынын жанданышы. Рустам Сулеймановдун оюнда үй алууга шарты бар он адам болсо, дагы беш адам банк аркылуу үй алып жатат. Бирок ипотекага ар бир адамдын эле колу жете бербейт. Анүчүн чөнтөгүңдө үйдүн наркынын 40% кем эмесин түзгөн акча болушу керек. Кредитти төлөөгө да чамаң жетеби, бул да чоң суроо. Азыр адатта 100 доллардан ашпаган маяна алган көпчүлүк кыргызстандыктар мойнуна мындай жүктү артуудан чочулашат.

Азыр кыргыз коомчулугу эң башкы соболго жооп таппай турган убак. Акыры үйлөр аразандайбы же жокпу? Бишкектеги кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттикти башкарган Евгений Уканистин оюнда, бир нече жылдан кийин баалар турукташышы ыктымал, бирок азыркы калыбында сакталат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султановдун болжолунда да баалардын төмөндөшү күтүлбөйт. Ал финансист катары ириде кыймылсыз мүлк бүгүнкү күндө акчаны сактоонун жолу болуп калганын айтат. Колунда бар орточо катмар өз байлыгын кыймылсыз мүлк түрүндө сактаганга өттү. Депутаттын оюнда чет жактарда иштеп жүргөн кыргызстандыктар эл-журтуна акыры бир күн кайтып келээрин билип, иштеп тапкан каражатына турак- жай алып коюшууда. Ал эми үчүнчү себеп катары депутат жер маселесин белгилейт. Марат Султановдун оюнда курулушка ылайык жакшы жерлердин азайышы үйлөрдүн кымбатташына кошул- ташыл болууда.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Бакир Жолчиев «азыр баалар жетээр чегине жетти, ушул бойдон токтойт» деген пикирде. «Бирок үйлөр бара-бара 15%га чейин арзандашы ыктымал» дейт депутат. Бакир Жолчиев өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту башкы көрсөткүч деп билет. «Кыргызстандагы соңку жылдардагы туруктуулук жана улут аралык мамиленин бир калыпта болушу да баалардын өсүшүнө алып келди» деп ойлойт депутат.

Ооба, турмушу оңолуп, капчыгы калыңдагандар банкка да ишенбей, андан көрө үй алып туруп батирге киши киргизип койгонду эп көрүүдө. Ал эми карапайым калк деп койчу колунда жоктор кантет? Окууну жаңы бүткөн үйсүз жаштар кантет?

Коңшу Казакстан үйсүздөргө ипотека аркылуу жеңил шарттагы кредит берип, элди үйлүү кылып атканына көп жыл болду. Бишкектин тургуну, журналист Азизбек Чамашев Кыргызстанда ипотеканы өнүктүрүү зарылдыгын айтат. Анын көз карашында Астанадагы, Алматыдагы жаш үйбүлөлөр учурда ипотека аркылуу алган үйлөрдүн наркын төлөп бүтүп калышты. Азизбек Чамашев белгилегендей, Кыргызстанда ипотека жөнүндө мыйзам кабыл алып, бул ыкма аркылуу үй алганга шарт түзгөн оң.

XS
SM
MD
LG