Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

ТАЛАСТА КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДАРДЫН ЭКИНЧИ ФОРУМУ ӨТТҮ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Жакында Талас шаарында коммерциялык эмес уюмдардын экинчи форуму өтүп, ага Кыргызстандын баардык дубандарынан өкүлдөр катышты. "Өкмөттүк эмес уюмдар менен мамлекеттик структуралардын кызматташтыгын мындан ары канткенде жакшыртуу керек?" деген маселе эки күндүк форумда кызуу талкууланды.

Мамлекеттик структура менен өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташтыгы боюнча ар кайсы облустардан келгенде ой бөлүштү. Баткен районундагы Суубашы айыл өкмөтүнө караштуу "Айгүлташ" коомдук бирикмесинин лидери Разак Артыкбаев Баткен жана Талас облустарынын ортосундагы айырмачылыктар менен окшоштуктар туурасында мындай дейт:

- Талас облусунун жамааттары менен биздин Баткен районундагы жамааттарынын айырмачылыктары бар. Чындыгында, Талас облусунда жамааттардын саны көп экен. Айрым бизги кемчиликтер Талас облусунда да кайталанып жатканына көзүм жетти. Кетирген кемчиликтерди жана күтүүсүз проблемалардан кантип чыгып кетиштин жолдорун бул жерде отуруп талкуулап алдык. Бул биз үчүн өзүбүздүн долбоорлорду ишке ашырууга эң чоң пайдасы тийет деп ойлойм.

Карабалта шаарынан келген Аскар Насыралиев минтип айтты:

- Азыркы атуулдук коом менен өкмөттүн ортосундагы мамилелер ушул жерден так аныкталып калды. Өкмөттүк эмес уюмдар ким, өкмөттүк уюмдар жана жамааттар ким экени бүгүнкү форумда так билинди.

Ал эми Аксы районундагы Кербен айылындагы "Айбек" коомдук бирикмесинин өкүлү Мырзааким Мырзарахимов Кыргызстан боюнча бирдиктүү тармак иштесе болот эле деген пикирин айтты:

- Бул форумда көбүнчө сөз жамааттар менен мамлекеттик структуралардын ортосундагы байланыш тууралуу жүрдү. Келечекте Кыргызстан боюнча баарыбыз бир тармакка биригип, камыр-жумур болуп, чогуу иштейбиз деген ойдомун.

Жамааттык бирикмелердин биригип иштей баштаганын эми жергиликтүү кеңештер да колдой тургандыгын эл депуттарынын Талас облустук кеңешинин төрагасы Шералы Абдылдаев мындайча туюндурду:

- Бүгүнкү форумдун максаты - айылдык деңгээлдеги айыл кеңештин аймагында жааматтык уюмдардын бирикмесин түзүү боюнча ой-пикирлерди, сынды ортого салуу эле. Ар бир айыл кеңештин деңгээлинде андай бирикмелерди түзүп алгандан кийин ошону райондук деңгээлде кандай формада, кайсы этапта ишке ашырабыз - бул алдыда турган иш. Андан кийин облустук деңгээлде да андай уюмдардын бирикмесин түзгөнгө аракет кылабыз.

XS
SM
MD
LG