Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Иракта шийит дин ишмери Моктада ас – Садрды камоого уруксат берилди


Моктада ас-Садрдын жактоочулары ушул жекшембиден бери Ирактын ар кайсы шаарларында АКШ баштаган коалициянын аскерлери менен кагылышып, андан кеминде 9 жоокер жана 46 ирактык мерт болду. Коалиция өкүлүнүн билдиргенине караганда, Моктада ас–Садырды камоо боюнча ордер былтыр киши колдуу болгон башка бир молдонун ишине байланыштуу ирактык сот тарабынан берилген. Кечээ өлкөнүн түштүгүндөгү Басра шаарында Моктаданын жактоочулары шаардык бийликтин имаратын басып алышса, Багдадда америкалык тик учактарга аларга каршы ок чыгарууга туура келди. Моктада ас–Садр качан камакка алынаары белгисиз. Учурда анын жакын жардамчысы Мустафа ал–Якуби абакта отурат. АКШ президенти Жорж Буштун билдиргенине караганда, соңку окуяларга карабай Вашингтон мурда белгилегендей эле 30-июнга карата бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүнү көздөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG