Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

РУАНДА ОН ЖЫЛ МУРДАГЫ ТУКУМ КУРУТ АЛААМАТЫНАН АЛГАН ЖАРААТЫНАН АЛИГИЧЕ АЙЫГА ЭЛЕК


Эми Африкадагы мындан он жыл илгери орун алган каргашалуу окуя тууралуу баянга назар салыңыздар. 1994-жылдын 6-апрелинде Руанданын президенти, хуту элинен болгон Хабяримана менен Бурундинин мамлекет башчысы чогуу учуп келе жатканда, алардын учагы ракета менен атып түшүрүлгөн. Уюштуруучулары ким экени азыркыга чейин белгисиз калган бул кол салуудан соң башталган кыргын жарым миллиондон бир миллионго чейинки сандагы кишинин өмүрүн алган. Ошол тапта эл аралык коомчулук, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму хуту козголоңчулары баштаган тукум курут саясатына тийешелүү көңүл бурбагандыгына БУУнун азыркы Баш катчысы Кофи Аннан жакында өз өкүнүчүн билдирди. Бириккен Улуттар 7-апрелди Руандадагы геноцидди эскерүү күнү деп жарыялады. Ал эми руандалыктардын ошол каргашалуу күндөрдө алган жарааты азыркыга чейин айыга элек.

Борбордук Африканын чыгышында жайгашкан, чар тарабы башка өлкөлөр менен курчалып, деңиз жээгинен алыс турган Руанда жумуриятында сегиз миллионго жакын калк жашайт.

Калктын 84 пайыздайын хутулар түзөт. Ал эми дүйнөдөгү эң узун бойлуу эл катары саналган тутсилер – калктын 15 пайызын, эң кодоо эл болгон пигмейлердин өкүлдөрү – бир пайызды түзөт. 1962-жылы Белгиянын оторчул бийлигинен кутулуп, эгемен болгон мамлекетте негизги атаандаш эки калк – хутулар менен тутсилер болчу.

Каргашалуу окуялардын алдыңкы күнү - 1994-жылы 6-апрелде теги хуту президент Жүвенал Хабяримана өзүнүн коногу, Бурунди президенти Сиприйен Нтакямира менен бир учакта келе жатып, аткылоого кабылган. Учактагылар, анын ичинде эки президент тең набыт болгон.

Козголоң баштаган хутулар бул кол салууну тутси саясатчылары уюштурду деп айыптап чыгышты да, эртеси күндөн тартып бүткүл өлкө боюнча аз сандуу тутсилерди жана байистүү хуту саясатчыларын четинен кыра башташты. Айрым маалыматтарга караганда, 800 миңдей же андан да көп киши дал ушул алааматтуу күндөрү өмүрүнөн ажырады.

Дээрлик 100 күнгө созулган бул кызыл кыргын июнь айында Бириккен Улуттардын байрагы астында келген француз аскерлеринин арачылык иш-аракети менен ооздукталган. Ошол жылы июль айында козголоңчу тутсилердин жетегиндеги Руанда патриоттук майданы ордо шаар Кигалини колго алып, өлкөдө жаңы өкмөт түзүлгөн.

Азыркы өкмөт атуулдук ынтымакты калыбына келтирүү үчүн бар аргасын жасоодо. Бирок, 100 күндүк калаймандан соң коңшу өлкөлөргө баш паана издеп качкан 2 миллиондой качкындын, анын ичинде хутулардын көп сандаган өкүлдөрү кайрадан өз журттарына кайтып келишкенин эске алганда, калайыктын маанайын элестетүү кыйын эмес.

«Ассошиейтед пресс» агенттигинин кабарчысы, коңшу танзаниялык журналист Родриге Нгови «Азаттыкка» алардын маанайын мындай деп сыпаттап айтты:

- Руанда - өтө чакан өлкө. Ал абдан жакыр. Калкы өтө жыш жайгашкан. Кыргындан эптеп тирүү калгандар менен тукум курут саясатын жүзөгө ашырган деп шектелгендер ушул тапта аралаш жашашат. Ал түгүл алар чогуу дыйканчылык кылат. Бейпилдикте жашап жаткандары менен, узактан берки бири-бирине ишенбөөчүлүк сезимин сактап келишет.

Азыркы президент, Руанда патриоттук майданынын өкүлү, генерал Пол Кагаме бул кызматка 2000-жылы апрелде шайланган. Ал «он жыл мурда президенттин өмүрүнө кол салууну тымызын уюштурган» деген өзүнө карата айтылган айыптоолорду четке кагып, тескерисинче, француздар хутулардын ашынган саясатчыларына көз жумду мамиле кылып, бул кыргынга огожо болгон деп Парижди айыптоодо. Мурдагы оторчулар – белгиялыктар да улуттар аралык араздашуу үчүн отко тамызгы таштап кеткен деп руандалыктар тарабынан айыпталып келишет.

Руанда өкмөтү авторитардык бийлик ыкмасы үчүн сынга алынууда, бирок ал өзүнүн катаал саясатын улуттар аралык араздашууга мындан ары жол койбоо зарылчылыгы менен түшүндүрүүдө.

Ал эми түштүк африкалык адис Грегори Салтердин пикиринде, маалыматты чектөө сыяктуу ыкмалар жараатты айыктырууга жардам бере албайт:

- Мени тынчсызданткан жагдай бул: эгерде хуту тегиндеги саясатчылар «Бийликтин каймагы тутсилерге гана тийип жатат, бул – адилетсиздик» деп айтчу болсо, анда мындай саясатчылар “жикке бөлүүчү” маанайда сүйлөдү деп айыпталып, абакка түшүп калышы ыктымал. Алардын кээ-бирөөлөрү ушундай сын айтууга далаалат кылышы да мүмкүн. Тукум курут саясатынан кийинки доордогу сезимтал кырдаалды да түшүнүүгө болот. Бирок сиз ич ара талкууга тоскоол кылсаңыз, анда айың кептер өзүнөн-өзү жоголуп калбайт. Ал тек гана жең ичинен айтыла баштайт. Мындай жагдай болочоктогу каргашанын үрөнүн өзүнө камтыйт.

Дүйнө коомчулугу болсо он жыл мурдагы тукум курут саясатына өз учурунда тоскоол боло албагандыгы үчүн руандалыктардан кечирим суроодо. Маселен, БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан быйыл 26-январда шведдердин ордо шаары Стокголмдо геноцидге каршы эл аралык жыйында чыгып сүйлөп, мурдагы Югославиядагы жана Руандадагы окуяларды болтурбай коюуга мүмкүн эле деген өкүнүчүн билдирди:

- Эл аралык коомчулуктун бул окуяларды болтурбай коюуга кудурети жетмек болчу. Бул аянычтуу окуяларды эскерүү Бириккен Улуттар Уюму үчүн өтө оор болуп турат.

Эл аралык коомчулук мындай окуяларды эски тарых барактарында гана калтыруу үчүн алардын ачуу сабактарын үйрөнүүгө далаалаттанууда.

Ал эми Руандада он жыл мурдагы окуяларда жапа чеккендер азыр да адилеттикти эңсеп келишет. Алардын арасында ошол күндөрү зомбулукка дуушарланып, СПИДге алып келчү вирусту зордукчулардан жуктурган миңдеген аялдар да бар.
XS
SM
MD
LG