Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

ЛИТВАНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн (6-апрелде) Литванын парламенти – сейм үчтөн эки добуш менен өлкөнүн президенти Роландас Паксаска импичмент жарыялады. Мамлекет башчысы орус мафиясы менен мамиле түзүп, Конституцияны бузган, улуттун кызыкчылыгына каршы иш жасаган деген доолор боюнча айыптуу деп табылды.

Мындан аз мурда эле Литванын конституциялык соту президент Роландас Паксас өлкөнүн башмыйзамын бузган деген бүтүмүн чыгарып берген болчу. Конституциялык сот президентке коюлуп жаткан 6 доонун үчөөсүнө Паксас чындап күнөөлүү деген эле.

Бүгүн сеймде Паксастын мамлекет башчы катары саясий тагдыры биротоло чечилди. 141 депутаттын үчтөн экиси ага каршы добуш беришти. Ошентип, өткөн аптада НАТОго мүчө болуп кирген Литва президентсиз калды. Май айында өлкө Европа биримдигине өтмөкчү.

Маселе колго салынаар алдында Паксас парламентте сүйлөп, өзүнө коюлуп жаткан күнөөлөрдү дагы бир ирет четке какты. Анын пикири боюнча, душмандар ага каршы кутум уюштурушуп, эптеп тактан кетирүүнү көздөп келишти:

- Бул импичмент Европа тарыхында мурда болуп көрбөгөн окуя. Ал биздин мамлекет кайра эски Европа үйүнө кабыл алынаардагы жүзүбүздү көрсөтө турган окуя болуп калды. Импичмент – менин эле жеке драмам же кайгым эмес. Ал – мамлекетке, анын түзүлүшүнө жана юридикалык системасына ташталган чакырык. Ошондой эле ал биздин саясий ишмерлердин абийирин, тазалыгын жана адеп-ахлагын сынай турган окуя.

Роландас Паксас орусиялык ишкер Юрий Борисовго Литванын атуулдугун мыйзамсыз берген, мамлекеттик жашыруун сырларды тараткан деп күнөөлөндү. Юрий Борисов - Роландас Паксастын шайлоо алдындагы өнөктүгүн (кампаниясын) колдоп, каражаттан жардам берген.

Бир катар депутаттардын пикири боюнча, Орусиянын айрым күчтөрү Борисов аркылуу Литванын ички иштерине кийлигишип келишкен. Паксас ошондой эле менчиктештирүү иштерине өз таасирин тийгизген деген да сындарга кабылды.

Алгачкы жолу Литва президентинин айланасындагы чуу өткөн жылдын октябрында чыккан. Өлкөнүн мамлекеттик коопсуздук кызматы президенттин кеңешчилери уюшкан кылмыш топтору жана Орусиянын атайын кызматтары менен мамиле түзүп жатат деген докладын жарыялаган. Баяндамада Роландас Паксастын өзүнө түздөн-түз күнөө коюлбаса дагы, бул окуяларды андан ары иликтөөгө алган депутаттык топ президенттин өзү да күнөөлүү деген жыйынтыкка келген болчу.

Айтор, Паксас Европа мамлекеттеринин президенттери арасынан кызматынан импичмент аркылуу кол жууган биринчи мамлекет башчысы болуп отурат. Анын беш жүздөй тарапкери бүгүн сеймдин имаратынын алдына чыгып, депутаттардын чечимине нааразылык иш-чарасын уюштурушту.

XS
SM
MD
LG