Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

'Хьюман райтс вотч' уюму Казакстандагы абалды сынга алды


Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хьюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм кечээ күнү атайын билдирүү жасап, Казакстандын бийлигин катуу сынга алды. Уюмдун Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча деректири Рэйчел Денбердин айтымында, бийликке каршы сөз айткан журналисттер жана саясатчыларды куугунтуктоо менен казак жетекчилиги күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого да доо кетирүүдө. 2002-жылы Галимжан Жакиянов жана Мухтар Аблязовдун камалганы да сынга алынган. Президент Нурсултан Назарбаевдин туугандарына каршы чыкканы үчүн, бул эки саясатчы 6 жана 7 жылга эркинен ажыратылган. Саясатка башка аралашпайм деп убада бергенден кийин, Аблязов өткөн жылы май айында бошотулган жана ал азыр Орусияда. Жакиянов болсо азырынча абакта.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG