Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Иракта куралдуу кагылышуулар уланууда


Ирактын Фаллужа шаарында куралдуу кагылышуулар уланууда. 31-мартта бул шаарда америкалык төрт жаран өлтүрүлүп, алардын денелери табаланган. Кийин шаарга америкалык аскерлер киргизилген. Алар сырттан кол салган согушкерлер менен кагылышууда. Кечээ жана бүгүн шаардан алыс эмес жерде америкалык дагы төрт жаран, ал эми Багдаддын чет-жакаларында америкалык үч аскер өлтүрүлдү, курман болгондордун арасында украиналык солдат да бар.

Бардыгы болуп эки күндө алтымышка жакын ирактык жаран набыт болду. Түштүктөгү Насирия шаарындагы кагылышууда ирактык 15 жаран курман болуп, италиялык 12 аскер жараат алды. Америкалык жетекчилик - шийи динаятчы Муктака ас-Садрды кармап берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG