Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Литва президентине импичмент жарыяланды


Литва парламенти бүгүн президент Роландас Паксаска импичмент жарыялады. Президенттин кызматтан кетиши үчүн 141 депутаттын 89у добуш берди. Өлкөнүн Конституциялык соту өткөн аптада атайын бүтүм чыгарып, президент Конституцияны бузган деген жыйынтыкка келген. Эми эки айга чейин президенттин милдетин парламент спикери Артурас Паулаускас аткарат. Тарыхта буга чейин бир да европалык президент импичмент аркылуу кызматтан кеткен эмес.

XS
SM
MD
LG