Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Нарын облусунда жазгы талаа жумуштары башталды


НАРЫН. 6-апрелде Нарын районундагы Сары айыл өкмөтү алгачкы бороз салгандыгын райондун айыл, суу чарба департаментинин башчысы Нарынбек Алиев маалымдады. Аймактагы алгачкы соко салууга губернатор Аскар Салымбеков катышкандыгы да белгилүү болду. Айта кетүүчү сөз, быйыл өткөн жылга караганда жаз жарышы облус алкагында дээрлик жарым айга эрте башталууда. Ал эми облустук акимчиликтин агрардык бөлүмүнүн башчысы Иманберди Жумалиев үстүбүздөгү жылы Теңиртоо аймагында 60 миң гектар аянт айдалаарын, мунун 47 миң гектар аянтын дан эгиндери түзөөрүн, үрөн менен камсыздоо материалдык резерв фондунун жана Жапон грантынын эсебинен толук жабылаарын билдирди. Бирок облустагы бир катар айыл өкмөттөрүнүн аймагында дагы эле кар кадимкидей аппак боюнча козголбой жатат.

XS
SM
MD
LG