БИШКЕК. Өткөн түнү Кыргызстандын түштүк аймагында жер титирөө болду. Улуттук илимдер академиясынын «Бишкек» сейсмикалык борборунун маалымдоосуна караганда, Ош шаарында титирөөнүн кубаты 3,5 балл, ал эми Гүлчө, Дарооткоргондо 4 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. Титирөөнүн очогу Ооганстан аймагында болуп, ал жерде титирөөнүн кубаты 8 балл болгон. Тажикстандын Мургаб, Жергетал райондорундагы кыргыздардын бул жер титирөөдөн жабыркагандыгы жөнүндө азырынча маалымат жок экендигин Кыргызстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигинен билдиришти. Ал эми жазгы жаан-чачындын күчөшүнө байланыштуу премьер-министр Николай Танаев атайын буйрук чыгарып, куткаруучуларды, жолчуларды, медициналык жана башка кызматтарды өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даяр болууга милдеттендирди.