Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Ондогон атуулдар ачык асман астында күн өткөрүүдө


БИШКЕК. Бишкек шаарынын Фучик жана Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Эт комбинатынын имаратынан 30-мартта куулуп чыккан 100дөй атуулдар ошондон бери ачык асман астында түнөшүүдө. Алардын айтымында, бийлик органдары талаада калгандарды жайгаштырууга аракет жасаган жок. Бул атуулдар мындан бир нече жыл илгери эч кандай шарты жок, жалаң гана тулкусу бар имаратка кирип алып жашап, жакын жайгашкан Ош базарында ар кандай жумуштарды кылуу менен күн көрүп келишкен. Ленин райондук сотунун чечимине ылайык өткөн жумада аларды тартип коргоо органдары зордук менен имараттан сыртка айдап чыккан. Эт комбинатынын жетекчилиги ал имарат оңдолуп, комбинаттын жумушчуларына берилээрин билдирүүдө. Шейшембиде укук коргоочулар Турсунбек Акун жана Азиза Абдрасулова окуя болгон жерге барып, андан соң оор абалда калган адамдарга жардам берүү өтүнүчү менен коомчулукка кайрылды.

XS
SM
MD
LG