Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Экономикалык кызматташуу уюмунун баш катчысы Бишкекте


БИШКЕК. Экономикалык кызматташуу уюмунун (ЭКУ) бул күндөрү Кыргызстанда жумуш сапар менен жүргөн баш катчысы Асхат Оразбай бүгүн тышкы иштер министрлигинде маалымат жыйынын өткөрүп, анда сапарынын максаты жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, ал Бишкектеги жолугушууларда Кыргызстандын ЭКУнун транспорт долбооруна катышуусу тууралуу маселени талкуулаган. Андан сырткары уюм алкагында соода, энергетика, айыл чарба жана инвестиция багытында кызматташууларды өнүктүрүү маселеси да козголгон. Асхат Оразбайдын маалыматы боюнча, сентябрь айында Тажикстан борборунда ЭКУга кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити болот жана 7-апрелде президент Аскар Акаев менен жолугушууда ушул маселе талкууланат. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков, Бишкек ЭКУнун алкагында Ооганстанды калыбына келтирүү ишине активдүү катышууну да көздөөрүн билдирди. Экономикалык кызматташуу уюму 1985-жылы түзүлгөн жана ага 10 мамлекет мүчө. Алардын арасында ири регионалдык өлкөлөр Түркия, Пакистан, Иран жана КМШга мүчө беш мамлекет бар.

XS
SM
MD
LG