Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНАН КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ПАЙДА?


Бул күндөрү Бишкекте Экономикалык кызматташтык уюмунун башкы катчысы Асхат Оразбай ырасмий сапар менен жүрөт. Ал Кыргызстанга таанышуу үчүн келип, өлкөнүн президенти жана айрым министрлер менен жолугушуп, уюм менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууну талкуулоодо.

Экономикалык кызматташтык уюмунун баш катчысы Асхат Оразбай Кыргызстанга үч күндүк таанышуу сапары менен келген. Ал биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту. Анда уюм тарабынан ишке ашырыла турган долбоорлорго Кыргызстандын катышы жана мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу сөз жүрдү.

Анткени, тутумуна Азия менен КМШдагы 10 мамлекет кирген бул уюм тарабынан кабыл алынган көптөгөн макулдашууларды ишке ашыруу азыр башкы көйгөйгө айланып барат. Алардын арасында транспорт, соода жана уюмга кирген мамлекеттердин аймагында виза боюнча жеңилдиктерди берүү тууралуу макулдашуулар бар.

Асхат Оразбайдын айтымында, уюмга кирген мамлекеттердин өкмөттөрү мындай макулдашууларды жакшы ниет менен кабыл алышкан. Бирок көпчүлүк мамлекеттердин парламенттери ратификациялоону кечеңдетишип, бюрократиялык тоскоолдуктардан улам алар күчкө ээ болбой, уюмдун аракетине терс таасир берип жатат. Маселен, Алмата-Ташкен-Тегеран-Стамбул темир жолун ишке киргизүү тууралуу макулдашууга мындан бир нече жыл илгери эле кол коюлган. Аны ишке ашырууга уюмду түзгөн мамлекеттер Түркия, Иран жана Пакистан демилгечи болушуп, Тегеран-Стамбул маршрутундагы темир жолду ачкан. Бирок жүктөрдү ташуу, андан кийин жүргүнчүлөрдү ташуу аракети ишке ашпай жатат.

Андан тышкары уюмга кирген мамлекеттердин аймагында виза мамилесин жеңилдетүү, соода алакасын жакшыртуу тууралуу да макулдашууларды уюмга мүчө мамлекеттердин ичинен 5тен көбү ратификациялабай жаткандыктан ишке ашкан жери жок. Ал тууралуу Асхат Оразбай мындай дейт:

- Биздин уюмдун катчылыгы ага эч кандай таасир көрсөтө албайт. Бул мамлекеттердин өзүнө байланыштуу. Ар бир мамлекеттин макулдашууларды ратификациялоо боюнча ички процедуралары бар. Ушундан улам уюмдагы 10 мамлекет ратификациялоо үчүн көп убакыт талап кылынып жатат. Ушуга байланыштуу көп макулдашуулар күчкө ээ болбой, ишке ашпай жатат.

Асхат Оразбай транспорт тармагындагы макулдашууну ишке ашыруу маселесин биринчи вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев менен жолугушканда уюмга кирген мамлекеттердин транспорт боюнча министрлеринин саммитин ушул жылдын август айында Бишкекте өткөрүүгө макулдашты. Башкы катчынын айтымында, жогорудагы жагдайларга ошондо жооп алынат деген ишеним бар.

Асхат Оразбай Бишкекте андан тышкары уюмга кирген мамлекеттердин аймагында бирдиктүү энергия системасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ага негиз берген жагдайлар тууралуу Асхат Оразбай мына буларды билдирди:

- Уюмга мүчө 10 мамлекеттин аймагында бирдиктүү энергия системасын түзөлү деген тилегибиз бар. Аны түзүүгө Ислам өнүгүү банкы каражат жагынан жардам беребиз деп жатат. Жакында биз техникалык экономикалык негиздерин даярдоочу компанияны тандаганы жатабыз. Ал тандалгандан кийин ошол компания менен биздин уюмдун катчылыгынын ортосунда макулдашуу түзүлөт. Ал макулдашуунун негизинде 10 мамлекеттин энергия системасын бири-бирине кандайча жалгаштыруу жана ал планды кандайча ишке ашыруу долбоору түзүлөт. Долбоор түзүлгөндөн кийин аны келечекте ишке ашырабыз деген ойдобуз.

Сапар учурунда аймактагы дагы бир олуттуу маселе -Ооганстанды калыбына келтирүү маселеси талкууланып жатат. Анткени уюм 18-20-апрелде Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча үч маанилүү жыйын өткөрүп, анда уюмдун атайын фондун түзүү, Нангархар вилайетинде көпүрөлөрдү куруу жана Логар вилайетинде электр энергия тармагын түзүү долбоорлору талкууга алынат. Башкы катчы ага чейин бул иштерге Кыргызстан кандай салым кошо ала тургандыгын аныктоодо.

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубековдун айтымында, бул маселе Кыргызстандын тышкы саясатындагы келечектүү багыттардын бири. Ошондуктан бул маселе баш катчы менен президенттин шаршембидеги жолугушуусунда так аныкталат.

XS
SM
MD
LG