Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

ЖОГОРКУ СОТ АКСЫ ОКУЯСЫН ТЕРИШТИРЕ БАШТАДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Жогорку сот Аксы окуясында жабырланган атуулдардын апелляциялык арызын карай баштады. Сот ишин караган судья жабырлануучулардын өтүнүчүн канааттандырып, аларга тергөө иши менен таанышуу үчүн эки күнгө убакыт берди. Сот ишин кароо 9-апрелде улантыла турган болду

Сотко Аксы каргашасында жабырланган атуулдар, Аксы окуясы боюнча күнөөлөнгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана каршылашкан тараптардын жактоочулары, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Адегенде жабырлануучулар жана алардын жактоочулары Жогорку соттун имаратынын алдына сот адилеттигин талап кылган плакаттар менен пикет өткөрүштү.

Андан соң сот жараяны башталды. Каршылашкан тараптын жактоочулары мүмкүнчүлүк боло калганда эле ызы-чуу чыгарышып, сот жараяны кайым айтышуу менен коштолду. Жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков жабырлануучулар буга чейин Аксы окуясы боюнча жүргүзүлгөн тергөө иши менен тааныш эместигин айтып, сотко төрагалык кылуучудан аларга тергөө иши менен танышууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү:

- Жабырлануучулар буга чейин тергөө иши менен таанышкан эмес. Таанышмак түгүл аларга маалымат да берилген эмес. Ошондой болсо да кылмыш ишинин ичине жабылануучулар таанышты деген кагаз тиркелген. Ал кагазга жабырлануучулардын колу коюлган эмес. Ошондуктан тергөө иши менен таанышууга убакыт керек.

Андан соң судья Жеңиш Досматов жабырлануучуларга тергөө иши менен танышууга эки күнгө убакыт бергендигин жарыялады.

Байкоочулардын пикиринде, эки жылдан ашуун убакыттан бери Аксы окуясы боюнча ызы-чууга соңку чекит коюлбай келет. Адегенде окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик, парламенттик жана көз каранды эмес коомдук комиссия түзүлүп, өз бүтүмүн чыгарган. Депутаттык комиссия кайгылуу окуянын чыгышынын башкы себеби депутат Азимбек Бекназаровдун негизсиз камакка алынышы экендигин белгилеп, мамлекет башчысына ошол кездеги Башкы прокурор Чубак Абышкаевди, ички иштер министри Темирбек Акматалиевди, Жалалабад облусунун прокурору Зоотбек Кудайбергеновду жана башка облустук, райондук деңгээлдеги аткаруу бийлик өкүлдөрүн кызматынан бошотуп, жоопкерчиликке тартууну сунуштаган.

Мындан сырткары 2002-жылдын сентябь айында Аксы окуясында күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы менен Жалалабад-Бишкек жөө жүрүшү уюштурулган. Жүрүштүн катышуучуларын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жетектеген бийлик өкүлдөрү тосуп чыгышкан. Жүрүштүн катышуучулары менен Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөрдү кыска убакыттын ичинде жазалоо тууралуу өз ара макулдашуу түзүлүп, жөө жүрүшкө чыккандар тарап кетишкен.

Депутат Азимбек Бекназаровдун маалыматына караганда, коомчулуктун мына ушундай талабына карабай, эки жылдан ашуун убакыт өтсө да Аксы окуясында милиция огунан каза болгон алты адамдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон жок. Ал эми Аксы окуясында күнөөлүү деп табылган жергиликтүү жана жогорку бийлик өкүлдөрү жазаланбай, тескерисинче, мамлекеттик жооптуу кызматтарга дайындалды.

Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча коомчулукка үстүбүздөгү жылдын 4-мартындагы паламенттик угууда, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуектовдун маалымат берген. Анын айтымына караганда, Аксы окуясы боюнча күнөөлөнгөн аткаруу бийлигинин областык жана райондук деңгээлдеги жети өкүлү 2002-жылдын 28-декабрында Ош горнизондук соту тарабынан «митинг, пикет өткөрүүгө жолто болгон» деген айып менен соттолушуп, бирок 2003-жылдын 16-майында аскердик соту тарабынан толук акталышкан. Аскердик соттун мындай өкүмүнө нааразы болгон жабырлануучулардын арызы Жогорку сотто карала баштады. Андан кандай жыйынтык болот азырынча белгисиз.

«Эркиндик» партиянын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Аксы окуясына мамлекет башчы Аскар Акаев күнөөлү. Ошондуктан азыркы бийлик алмашкыча Аксы окуясына соңку чекит коюлбайт дейт Тургуналиев:

- Аксы алааматына Аскар Акаев түздөн-түз күнөөлүү. Анткени президент Аскар Акаев буйрук бермейинче ал жаккка үч миңдеген аскердик бөлүктөр топтолбойт эле жана эч ким ок чыгарууга укугу жок эле. Ошондуктан Аскар Акаев Аксы окуясында күнөөлүү делгендерди жазалабай, тескерисинче, аларды жогорку кызматтарга көтөрүүдө.

«Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин жогорудагыдай пикирине Укук коргоочу Турсунбек Акун буларды кошумчалды:

- Эгерде Ракишев, же Кулубаев жана башкалар камала турган болсо алар "Өкмөт үйдөн" ким «аткыла» деп көрсөтмө бергенин ачык айтып коюшу толук ыктымал.

Саясатчылардын жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлик өкүлдөрү жооп берүүдөн баш тартышты.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, буга чейин Аксы окуясы боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жоопко тартыла баштаганда алар Аксы окуясында элди аттырууга жогорку бийлик өлкүлдөрү тарабынан тапшырма болгондугун айрым массалык маалымат каражаттарына болгон кайрылуусунда ачык айтып чыгышкан.

Алардын мындай кайрылуусуна аткаруу бийлиги өз убагында ырасмий жооп кайрыган эмес. Ал эми мамлекет башчы буга чейинки сүйлөгөн сөзүндө Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөр жазалангандыгын айткан:

- Жаңжалга күнөөлүү жергиликтүү бийлик жетекчилери өз жазаларын алышты.

XS
SM
MD
LG