Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

АКЫЙКАТЧЫ "ХИЗБ УТ-ТАХРИР" ПАРТИЯСЫН КОРГОП ЧЫКТЫ...


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Ташкенттеги жардыруулар боюнча өз оюн билдирди. Анын пикиринде, бул террордук чабуулдарга "Хизб ут-Тахрир" партиясынын тийешеси жок. Акыйкатчы Кыргызстанда тыюу салынган бул уюмдун мүчөлөрүнө кайрылуу жасады.

Турсунбай Бакир уулу Ташкенттеги жардыруу балким Өзбекстан ислам кыймылынын колунан келди деген ойдо. "Хизб ут-Тахрир" партиясы мындай күч колдонууга барбайт дейт акыйкатчы. Анын оюнда, "Хизб ут-Тахрир" партиясы мурда да, кийин да күч колдонууга жана зордук- зомбулукка барган эмес. Ошондой эле, ойлогон мүдөөлөрүнө жетиш үчүн "хизбутчулар" эч качан колуна курал албайт, болгону элдин жашоо-турмушун шарияттын талабына ылайыктап өзгөрткүлөрү келет деген оюнан тайбасын билдирди Т.Бакир уулу:

- Ташкенттеги жардырууларга Өзбекстан ислам кыймылыныны тийешеси болушу мүмкүн. Америка дагы, башка өлкөлөр дагы аларды жок кыла алган жок. Башы жок бир өлүктү таап алышып, Жума Намангани деп тастыкташты. Бул уюм күч колдонуу аркылуу мүдөөсүнө жетээри турмушта эчак далилденди. Ал эми бул жардырууларга "Хизб ут-Тахрирдин" тийешеси жок деп ойлойм. Себеби бул уюмдун программасында күч колдонуу деген жок. Мына - Алматыдагы окуяга күнөөлөштү эле, далилденген жок. Бишкекте деле камакта жаткандардын кылмыш иши менен тыкыр таанышкам, эч кандай түздөн түз далил жок, -дейт акыйкатчы.

Ал эми ырасмий Ташкент бул жардырууларды Өзбекстан ислам кыймылы, "Хизб ут-Тахрир" жана Исламий жихад диний уюмдарынан көрүп аткан. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тараткан соңку билдирүүсүндө айрыкча "Хизб ут-Тахрир" уюумуна басым жасалган.

Башкы прокуратурадан алынган маалыматтарга жана калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого таянып Ташкенттеги S- Monitor аналитикалык тобу бул жардыруулар "Хизб ут-Тахрир" тарабынан жасалды деген бүтүмгө токтогон. S- Monitor дун эксперттери "Хизб ут-Тахрирдин" Лондондогу баш кеңсесинин бул жардырууга тийешебиз жок дегенин негизсиз дешет. Алардын оюнда, Лондондогу "Хизб ут-Тахрирдин" кеңсесинин Борбор Азиядагы "хизбутчулар" менен карым-катышы жок жана алардын ишмердигин жөнгө сала албайт.

Акыйкатчы "Хизб ут-Тахрир" партиясынын мүчөлөрүнө кайрылуу жасады. Анда бир катар сунуштар айтылган. Турсунбай Бакир уулунун оюнда бул партия каттоодон өтүп, ачык иштегени дурус. Ошондой эле сырттан келип аткан акчадан баш тартканы оң. Акыйкатчынын пикиринде эгерде уюм өзүн саясий партия деп эсептесе, анда кадимки эле партиялардын катарына кошулуп юстиция министрлигинен каттоодон өтүшү керек. Ал эми өздөрүн диний уюм деп санаса дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылгандары туура болот.

Турсунбай Бакир уулун ал депутат кезинде деле басма сөз каражаттары "Хизб ут-Тахрир" партиясы менен ымалалашы жана анын пикирлеши катары сүрөттөгөн учурлар болгон. "Вечерний Бишкек" гезити «Турсунбай Бакир уулу "Хизб ут-Тахрир" партиясынын мүчөсү» дегендей макала жазган. Бул макала үчүн акыйкатчы аталган гезит менен бир жылдан бери соттошууда.

Кыргыз коомчулугунда «Хизб ут-Тахрир» партиясына карата пикирлер ар кыл. Акыйкатчы бул диний уюмдун мүчөлөрү колуна курал кармабайт деп тастыктаганы менен буга макул эместердин да катары калың. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген Өмүрзак Мамаюсуповдун ою буга мисал. Анын айтымында Германиядагы эларалык конференцияда "Хизб ут-Тахрирдин" интернет- баракчалары тууралуу сөз болгон. Мамаюсупов мырза өз көзү менен интернеттеги алардын баракчасынан бул уюмдун өз мүчөлөрүн курал-жарактарды пайдаланууга кантип үйрөтөөрүн көргөн. Ошондуктан ал "Хизб ут-Тахрир" күч колдонууга барбайт дегенге ишенбейт.

XS
SM
MD
LG