Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Грузияда орус аскерлеринин командачысынын өмүрүнө кол салуу аракети жасалды


Тбилисиде болгон жарылуудан Орусиянын Кавказдагы аскерлеринин командачысы, генерал Александр Студеникин жеңил жараат алган. "Интерфакс" агенттигинин жергиликтүү бийликтерге шилтеме берип билдиргенине караганда, бомба генерал автоунаа менен кеңсесинен үйүнө келе жаткан жолдо жарылган. Ал эми "Ассошейтед пресс" агентигинин маалыматы боюнча жарылуу генерал үйүн көздөй жөө бара жаткан учурда болгон. Тбилисинин прокурору Валерий Григаришвили окуяны орусиялык генералдын өмүрүнө кол салуу аракети катары баалады. Грузияда учурда Орусиянын аскердик эки базасы бар. Тараптар орус аскерлеринин Грузиядан чыгып кетишинин шарттары боюнча көптөн бери сүйлөшүү жүргүзүп келүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG