Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Иран МАГАТЭ менен кызматташтыгын күчөтөт


Бул тууралуу Тегеранда кечээ болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл-Барадейи билдирди. Анын айтымында, Иран өзүнүн өзөктүк программалары боюнча кошумча маалыматтарды май айынын ортосуна чейин берүүнү убада кылган. Ал эми Ирандын атомдук кубат боюнча мекемесинин башчысы Голям Реза Агазадехтин билдиргенине караганда, Тегеран өзөктүк жабдууну өндүрүүнү жана чогултууну убактысынча токтотот. АКШ Иранды өзөктүк курал программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатканы үчүн айыптап келүүдө. Тегерандын ырастоосунда, алардын аракеттери тынчтык максатын гана көздөйт.

XS
SM
MD
LG