Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ТӨРАГАСЫ БИШКЕККЕ КЕЛЕТ


Бүгүн Бишкекке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы - Болгариянын тышкы иштер министри Саломон Пассинин сапары башталат. Төрага жогорку бийлик өкүлдөрү менен кездешип, уюм менен Кыргызстандын кызматташуу маселелерин талкууламакчы.

Саломон Пасси Кыргызстандын жетекчилери, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, иш сапарынын максаты боюнча пресс-жыйын өткөрөт.

ЕККУ оболу Бишкекте кеңсесин, андан соң академиясын ачкан. Аксы окуясынан кийин уюм Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоого олуттуу көңүл буруп, атайын программаны каржылоодо. Кыргызстандын ички иштер министринин орунбасары Өмүрбек Эгембердиевдин айтымында, ички иштер министрлигин реформалоо аягына чыга элек:

- Биз реформаны баштадык. Эмне үчүн реформаны аягына чыгарбадыңар деп сурап калышат. Реформа аты үчүн гана реформа жүргүзүлбөйт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанда адам укугунун сакталышына, сөз эркиндигинин абалына кызыгып, демократиялык талаптардын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алып келет.

XS
SM
MD
LG