Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

“ФРИДОМ ХАУС” УЮМУ ӨТКӨӨЛ ӨЛКӨЛӨР ТУУРАЛУУ ДОКЛАДЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Freedom House уюму 6-апрелде өткөөл мезгилди баштан кечирип жаткан мамлекеттердеги адам укуктарынын сакталышы жана демократиянын өнүгүшү тууралуу докладын жарыялады. Укук коргоочу уюмдун көз карашында коррупция жана юридикалык системадагы кемчиликтер Кыргызстан, Өзбекстан, Украина, Вьетнам сыяктуу мамлекеттердин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда.

“Фридом хаус” өз докладында демократияга багыт алган 30 мамлекеттеги абалды талдоого алган. Документте Вьетнамга катар эле Өзбекстан катуу сынга алынды. Президент Ислам Каримовдун бийлиги “дүйнөдөгү эң бир катаал режимди орноткон” жетекчилик катары мүнөздөлгөн. Мурдагы совет республикаларынан Кыргызстан, Украина жана Армениянын бийликтери демократиялык өнүгүүлөргө чек койуп жатканы белгиленген.

“Биз алган жаңы маалыматтар демократия жолундагы мамлекеттер оор абалда калганын көрсөттү” – дейт “Фридом хаустун” жетекчиси Женифер Виндсор.

Докладда Кыргызстан тууралуу кеңири сөз болот. 1990-жылы бийликке келген президент Аскар Акаев демократияны өнүктүрүп, адам укуктары сакталган мамлекет курууга алгачкы жылдарда жакшы үмүт берген. “Бирок ал ишеничтер кийин акталган жок” деп айтылат докладда. Кыргыз бийлиги оппозициянын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн жана эркин журналисттерди куугунтуктап, коркутуп-үркүтүү ыкмаларын колдонуп келатканы белгиленген.

2002-жылдын аягында “Манас” аба майданына антитеррордук күчтөрдүн жайгашуусу бийлик үчүн оппозициянын үнүн басууга кошумча ишеним тартуулаган. “Фридом хаустун” маалыматы боюнча батыштын колдоосуна минтип ээ болуп алган кыргыз өкмөтү адам укуктарын өз каалаганындай калчап-тескөөгө жол алды.

Оппозициянын лидери Феликс Куловдун камакта жатышы, депутат Азимбек Бекназаровдун айланасындагы чуулар дале болсо кыргыз бийлиги өз оппоненттерине сиркеси суу көтөрбөй мамиле кылып жатканынан кабарлайт. Докладда ошондой эле эркин басма сөздүн куугутукка алынышы, “Моя столица” гезитинин кабарчысы Александра Черныхтын сабалышы, “Кыргыз руху” гезитинин кабарчысы Эрнис Назаловдун табышмактуу өлүмү тууралуу да айтылган.

Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө сот системасындагы кемчиликтер, так айтканда, бүтүндөй сот тармагынын бийликке көз карандылыгы тоскоол болуп жатат. Буга байланыштуу адвокат Галина Кайсарованын айланасындагы маселелер өлкөдө юридикалык системанын кандай абалда турганынан жакшы кабар берген.

Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн жагдайы тууралуу Бишкектеги “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларды айтты:

- Президент Аскар Акаев быйылкы жылды адилет башкаруу жылы деп жарыялап, жакшы идея менен чыккан. Бирок ал идея катардагы элге жакшы пайда алып келбей жатат. Президенттин андай программалары турмушка ашпай жатат. Бир мисал, премьер-министр Николай Танаев кредитти мыйзамсыз алган. Бирок президент өзү өкмөт башчыны колдоп, “мен кредит алууга ага уруксат бергем” деп коргоп койду.

“Фридом хаустун”докладынын Кыргызстан боюнча бөлүгүндө Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүнүн Конституцияда көрсөтүлгөн чектен узарып кетиши жана 2005-жылдагы шайлоолордун мааниси тууралуу баса белгиленген.

Адам укуктарын коргоочу уюм тигил же бул мамлекетте демократия эмне үчүн аксап жатканынын себептерин иликтеп, ага өз баасын берген. Алсак, Пакистанда демократия чабалдыгына армиянын саясий жана коомдук турмушка ашөпкө кийлигишүүсү себеп болсо, Өзбекстанда Ислам Каримовдун кызыл камчы бийлиги адам укуктарын тебелеп, миңдеген бейкүнөө адамдарды караңгы түрмөлөргө камоого түрткү берүүдө.

Грузияда болсо “жибек ыңкылабынын” натыйжасында бийликке келген президент Саакашвили коррупциянын тамырын кыркууга аракет кылып жатса, Украинада тескерисинче, президент Кучма оппозицияны ооздуктап, эркин радиолордун үнүн бууганга маш болууда.

“Фридом хаустун” докладына кирген отуздай мамлекеттерде өнүгүү болбой жатканына бийликтердин коррупцияга малынганы негизги себеп катары белгиленди.
XS
SM
MD
LG