Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУ РУАНДАДАГЫ 1994-ЖЫЛКЫ АЛААМАТ МЫНДАН АРЫ ЭЧ КАЙТАЛАНБАСЫН ТИЛЕЙТ


Бүгүн дүйнө коомчулугу Африкадагы мындан он жыл илгерки алааматтуу окуянын он жылдыгын эскерди. Женевада Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында чыгып сүйлөп, БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан азыркы Судандагы Дарфур аймагында жашаган калк он жыл мурдагы Руандадагы улуттук азчылык сыяктуу эле куугунтукка алынып жатканын айтып, эл аралык коомчулукту бул окуяларга тез арада кийлигишүүгө чакырды. Ал эми Руанданын ордо шаары Кигалиде тукум курут саясатынын курмандыктарын эскерүү жөрөлгөсү өткөрүлдү.

Борбордук Африканын чыгышында жайгашкан Руанда (Rwanda) жумуриятында мындан туура он жыл илгери - 1994-жылы 7-апрелде эзелтеден коңшулаш жашаган эки элдин саны көбүрөөгү – хутулар өлкө калкынын 15 пайыздайын түзгөн тутсилерди четинен кырып кирген. Анын алдыңкы күнү теги хуту президент Жүвенал Хабяримана өзүнүн коногу, Бурунди президенти Сиприйен Нтакямира менен бир учакта келе жатып, аткылоого кабылган. Учактагылар, анын ичинде эки президент тең набыт болгон. Козголоң баштаган хуту улутчулдары бул кол салууну тутси саясатчылары уюштурду деп айыпташып, бүтүндөй тутси элине жана аларга ылым санаган өз улутташтарына каршы кызыл кыргын башташкан.

Айрым маалыматтарга караганда, 800 миңдей же андан да көп жазыксыз киши дал ушул алааматтуу күндөрү өмүрүнөн ажыраган.

Бириккен Улуттар Уюмунун азыркы Баш катчысы Кофи Аннан он чакты күн мурда БУУнун жыйынында каңырыгы түтөп чыгып сүйлөп, бул алааматты болтурбай коюу үчүн эл аралык коомчулук өз учурунда тийешелүү аракет жасабагандыгын өкүнүү менен мойнуна алды (он жыл илгери Кофи Аннан БУУнун бейпилдик жаратуу тармагын башкарчу):

- Мен ошол чакта бар арганы жасадым го деп санагам. Бирок бул тукум курут окуяларынан кийин мен дагы көп нерсе аткарууга болмоктугун, коомчулукту улам олуттуу тынчсыздантып, алардын колдоосун алуу үчүн далай иш жасасам болмок экенин аңдадым.

Бүгүн Женевада Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында чыгып сүйлөп, Кофи Аннан Африканын дагы бир өлкөсү – Судандагы Дарфур аймагында байырлаган төрт уруу өкүлдөрү өкмөт тукурган жоочулардын кыргынына бир нече айдан бери кабылып жатканын айтты. Бери дегенде 670 миңдей киши жан аргасын издеп, башка аймактарга, анын ичинде Чад өлкөсүнө качып чыгышты. Судан өкмөтү БУУнун өкүлдөрүнө Дарфур аймагына барууга уруксат бербей келет.

Бүгүн Руанданын өзүндө азыркы президент, Руанда патриоттук майданынын өкүлү, генерал Пол Кагаме, Түштүк Африканын президенти Тхабо Мбеки, Уганданын, Кениянын мамлекет башчылары, Эфиопиянын премьер-министри жана башка эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү катышкан эскерүү жөрөлгөлөрү өткөрүлдү. Ордо шаар Кигалидеги стадиондо ири жыйын болду. Набыт болгондордун элесине багышталып курулган эстелик комплексинде түбөлүк от жандырылды.

Эл аралык коомчулук Руандадагы тукум курут саясатын уюштургандар жана анын башкы аткаруучулары адилет жазага тартылышы үчүн 1994-жылдын этегинде атайын трибунал түзгөн. Коңшу Танзанияда Аруша шаарында жайгашкан трибунал өз иши өтө солгун жүрүп жатканы үчүн сынга алынып келет.

Ал эми туруктуу негизде түзүлгөн жаңы сот органы – Эл аралык кылмыш соту бүгүн Руандадагы окуялардын курмандыктарына арналган эскерүү жөрөлгөсүн өткөрдү. Соттун төрагасы, канадалык Филипп Кирштин билдирүүсүндө геноциддик кылмыштар өткөн чак менен гана чектелбегендигин он жыл мурдагы Руанда окуялары эскертип тураары, бирок мындай кылмышты жасагандар акыры адилет жазага кабылаары шексиз экендиги баса белгиленген.

Бириккен Улуттар 7-апрелди Руандадагы геноцидди эскерүү күнү деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG