Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жол кырсыктарын алдын алуу аракеттери күчөтүлөт


БИШКЕК. Жыл сайын Кыргызстанда жол кырсыгы 10% жогорулап барат. Маселен, 2003-жылы 817 жол кырсыгы болгон. Андан 111 адам каза болуп, 917 адам жарат алган. Ал эми быйыл жыл башынан бери эле 111 жол кырсыгынан 16 адам каза болуп, 113ү жарат алды. Натыйжада, акыркы үч жылдын ичинде кырсыктан каза болгондордун саны өлкөдөгү жалпы өлүмдүн 11,1% түзүп калды. «Профилактикалык медицина» бейөкмөт уюмунун иликтөөсү боюнча буга жолдун начардыгы жана айдоочулар менен жөө адамдардын жолдо жүрүү эрежесин көзгө илбегендиги башкы себеп.

Ушундан улам саламаттык сактоо министрлиги жол кырсыктарынын алдын-алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук стратегиянын долбоорун даярдады. Ал жол кырсыктарын болтурбоо үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолдо жүрүү маданиятын калыптандыруу максатын көздөйт. Мындай маалымат бүгүн саламаттык сактоо министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG