Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Армияга чакырылгандардын 58% аскерде кызмат кылууга жарабайт


БИШКЕК. Кыргызстанда барган сайын аскерге чакырылган жаштардын ден-соолугу начарлоодо. Бул тууралуу коргоо министр Эсен Топоев Эл өкүлдөр жыйынын сесссиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында, 1999-жылдан 2003-жылга чейин ден-соолугу аскерде кызмат кылууга жарабаган уландардын саны 12% жогорулаган. Маселен, 1999-жылы аскерге чакырылган жаштардын 47 пайызы аскерде кызмат кылууга жарабайт деп табылса, 2003 аскерге чакырылган уландардын 58,8 пайызы ден-соолугуна байланыштуу аскерде кызмат кылуудан калтырылган. Коргоо министрлигинин кабарлоосуна караганда, 2004-жыл үчүн аскерге чакыртуу ишчарасы 1-апрелден башталды.

XS
SM
MD
LG