Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

ОРУС ОКУМУШТУУСУ КОШМО ШТАТТАРДЫН ПАЙДАСЫНА ТЫҢЧЫЛЫК КЫЛГАНБЫ?


Шаршемби күнү Москва шаардык соту орусиялык илипоз Игорь Сутягинди Кошмо Штаттардын пайдасына тыңчылык кылып, мамлекетке чыкынчылык жасады деген жыйынтыкка келди. Соттун чечими менен окумуштуу 15 жылга эркинен ажыратылды. Бир күн илгери антчылар соту (суд присяжных) атомдук куралдар боюнча адис-эксперт Сутягинди күнөөлүү деп тапкан болчу. Игорь Сутягин соттун чечимин уккандан кийин, ал чет өлкөгө басма сөзгө жарыяланган гана маалыматтарды бергенин айтып, күнөөлүү эмес экенин билдирди. Айыпкердин адвокаттары Конституциялык сотко кайрылмак болушту.

Москва шаардык сотунун 12 адамдан турган антчылар соту шейшемби күнү Игорь Сутягинди “тыңчылык жасап, мамлекетке чыккынчылык кылды” деп тапкан эле. Москвадагы абройлуу АКШ жана Канада институтунун кызматкери Сутягин 1999-жылы Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынган. Ага Европага сапарга чыккан кезде, Орусиянын суу астында жүрүүчү атомдук кемелерине жана ракета системаларына тийиштүү жашыруун маалыматтарды Британия менен АКШнын чалгынчыларына берди деген күнөө коюлган.

Илимпоз айрым бир долбоорлор боюнча чет элдик коллегалары менен кызматташып жүргөнүн, аларга мурда басма сөздө жарык көргөн гана маалыматтарды бергенин айтып, өзүнө күнөө жугузган эмес. Бирок Игорь Сутягин 4, 5 жылдан бери соттолбой эле абакта кармалып жаткан.

6-апрелде антчылар сотунун өкүмү угулаар замат айыпкердин коргоочусу Анна Савицкаядан биздин радионун кабарчысы: “Ишти оболу антчылар сотунда каралганына өкүнбөйсүзбү?” деп сураганда, адвокат айым:

- Жок. Мен муну жаңылыштык деп ойлобойм. Себеби, антчылар соту бизди аз да болсо үмүттөндүргөн эде. Эгерде сотко антчылар сотун аттап түз кайрылсак, анда бир жактуу айыптаган өкүм чыгышы мүмкүн болчу, - деди.

Адвокат Савицкая ошондой эле сот төрагасы Марина Комарованы керектүү өкүмдү чыгаруу үчүн сот мүчөлөрүн “алдаганга чейин барды” деп күнөөлөдү:

- Биздин пикирибизче, соттун төрагасы соттук иликтөө учурунда антчылар соттунун мүчөлөрүн “амалкөйлүк” менен пайдаланды. Атүгүл антчы сотторго айыпкерге тийешеси жок суроолор берилди. Соттун өкүмү ушундай негизде чыкса керек.

Айыпкердин экинчи коргоочусу Борис Кузнецов да антчылар соту ишти терең тергебестен өкүм чыгарганына көңүл бөлдү:

- Алар Сутягин менен кездешип, сүйлөшкөн адамдар кайсы өлкөнүн жараны же букарасы экенин да аныкташпады. Эгер алар чалгындоо кызматынан болушса, ал кайсы өлкөнүн чалгындоо кызматы? Басмада мурда жарыяланган маалымат үчүн кайсы өлкөнүн чалгындоо кызматы төлөйт?

Кузнецов андан ары сөзүн улантып, антчылар сотунун ишине канааттанбаганын айтты:

-Арийне, биз аябагандай өкүнүчтөбүз. Эң негизгиси жана өтө маанилүүсү - антчылар сотунун кеч болсо да иштей баштаганы. Биз өлкөдө бул соттун болушу үчүн көп аракеттендик. Бирок аны чү дегенден эле бурмалап, шерменде кылышты.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели шаршемби күнү Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында соттун жүрүшү АКШны тынчсыздандырганын билдирди:

- Биз да орусиялык окумуштуу Игорь Сутягиндин ишине, тактап айтканда, сот жараянынын ачык жана тийиштүү деңгээлде өтпөгөнүнө байланыштуу тынчсыздануубузду билдиребиз.

Күтүлгөндөй эле шаршемби күнү Москва шаардык соту антчылар сотунун чечимин бекитип, илимпоз Игорь Сутягинди 15 жылга абакка кести. Анын адвокаттары эми доо арыз менен өлкөнүн Конституциялык сотуна кайрылмак болушууда.

Айыпкердин адвокаттары сыяктуу эле жергиликтүү жана чет элдик укук коргоочулар Игорь Сутягиндин соту Федералдык коопсуз кызматы тарабынан мурда айыпталган талдоочулар менен илимпоздордун сотуна “кынагандай окшош“ экенин белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG