Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

ОЛИМПИАДА УЧУРУНДА КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Август айында Афина шаарында жайкы олимпиада оюндары өтөт. Бирок ага керектүү курулуштун баары бүтө элек болгондуктан, коопсуздук чараларын камсыз кылуу иштери да бир топ кыйынчылыктарга такалууда. Анткен менен АКШ жана башка батыш өлкөлөрү Грекияга жардам көрсөтүп, олимпиаданы коопсуз шартта өткөрүүгө аракеттенүүдө.

11-мартта Мадрид шаарында бир нече бомба жарылып, жүз токсондон ашык адам курман болгон. Ошондон кийин август айында Афина шаарында өткөрүлө турган кезектеги олимпиада оюндары учурунда коопсуздукту камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болду.

Испания өкмөтү антитеррордук маселеге атайын көңүл буруп, Иракка аскер жиберген өлкө. Ошондуктан өз аймагында дагы мүмкүн боло турган террор аракеттерине такай көз салып келген. Ошол себептен кээ бир грекиялык жана чет өлкөлүк саясатчылардын пикиринде, аскерий жана экономикалык жактан Испаниядан бир топ арттагы Грекия олимпиада оюндары учурунда коопсуздукту толук камсыз кыла албайт. Америкалык сенатор Жо Кил болсо атайын билдирүү жасап, коопсуздук маселелеринен улам ал Афинага барбай, олимпиаданы сыналгы аркылуу көрө турганын жарыялады.

Башка европалык өлкөлөр тарабынан Грекия мурда такай чек араларын жакшы кайтарбастан, өлкөдө аракеттенген террордук уюмдардын иштерине чек койо албайт деп сындалып келген. Көп жылдар бою өлкөдө "17-ноябр" аттуу солчул экстремисттик уюм террор аракеттерин ишке ашырып келген жана анын согушкерлери америкалык төрт жаранды да өлтүргөн. Ошондуктан 2000-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Грекияны сынга алып, аны - Европа аймагында террорчулукка каршы эң аз аракет көргөн мамлекет деп сыпаттаган.

2002-жылы Грекия ал террордук уюмга каршы атайын даярдалган аракет көрүп, анын дээрлик бардык мүчөлөрүн кармады. Бирок үстүбүздөгү жылдын март айында "Революциялык күрөш" аттуу жаңы кыймыл пайда болгону ачыкка чыкты.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы эбегейсиз террордук чабуул жасалгандан кийин Афинада өткөрүлүп жаткан олимпиада - алгачкы жайкы оюндар. Ошондуктан мелдештер учурунда коопсуздукту камсыз кылуу иштеринде Грекияга АКШ, Алмания, Австралия, Израил, Испания, Улуу Британия жана Франция жардам көрсөтүүдө.

Американын Борбордук чалгындоо агенттиги менен Федералдык тергөө бюросу болсо Грекияга өзүнүн көптөгөн адисин жиберди жана март айында өлкөдө атайын машыгуу өткөрүлдү. Эки аптага уланган ал окууга грекиялык 1500 полициячы жана америкалык атайын күчтөр катышты. Аны менен катар грек өкмөтү НАТО уюмуна кайрылып, олимпиада учурунда коопсуздукту камсыз кылууга жардам көрсөтүүнү суранды жана уюмдун учактары менен кемелери оюндар учурунда Грекиянын деңиз жээги менен аба мейкиндигин кайтараары күтүлүүдө.

Олимпидага келе турган америкалык өкүлчүлүктү азыркы президенттин атасы, мурдагы америкалык президент Жорж Буш жетектеп келмей болду. Спортчулар менен кошо Грекияга жүздөн ашык тыңчы келээри да күтүлүүдө. Анткен менен белгилүү теннисчи Серена Вильямстын айтымында, Афинадагы олимпиада учурунда ал өзүн коопсуз сезе албайт. Британиялык жазуучу Данкин Маккейдин айтымында болсо, Афинага баргандан коркпош керек:

- Афинага бара тургандын баары коопсуздук маселелерин көтөрүшөт. Бирок менин оюмча, андай террордук аракет кайсы болбосун аэропортто деле ишке ашырылышы мүмкүн. Андай болгондо ар бир нерседен коркуш керек.

Мелдеш өткөн күндөрү Афинадагы спорт түзүлүштөрүн 55 миң полициячы кайтарат. Анткен менен кээ бир эксперттердин айтымында, жогору даярдыктарга карабастан, 1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн олимпиада учурунда бомба жарылганын унутпаш керек. Ар бир спортчу жана коопсуздук кызматкеринин эсинен болсо 1972-жылы Мюнхен шаарында өткөн олимпиада оюндары кетпейт - анда палестиналык террорчулар израилдик 11 спортчуну барымтага алып, кийин аларды өлтүрүп салган.

XS
SM
MD
LG