ТАШКЕН. Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын өлкөгө берем деп пландаштырган акчасынын көбүн бербей, токтото туруу тууралуу чечимин сынга алды. Франс-пресс агенттигинин билдиришинче, министрликтин өкүлү Илхом Закиров банктын чечимин “жакшы ойлонулбаган чечим” деп мүнөздөгөн. Ал “өлкө банк койгон талаптардын көбүн аткарды” деп билдирген.
Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы өлкөнүн эң ири инвестору болуп эсептелет. Ал Өзбекстандын өкмөтү менен демократиялык жана экономикалык реформаларды тездетүү тууралуу макулдашып, алар аткарылганда гана каражат бөлүнөөрүн айткан.