Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

КЫРГЫЗСТАНДА МОСКВАНЫН КҮНДӨРҮ ӨТӨТ, МАМАТ АЙБАЛАЕВ ШАЙЛООГО КАТЫШАТ, КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗ КЕП САЛАТ


Кабыл Макеш, Бишкек шаары Шаршембидеги «Московский Комсомолец-Кыргызстан» жана “Аргументы и факты-Кыргызстан” басылмалары өлкөдө Москва шаарынын күндөрүн өткөрүүгө даярдыктар башталганын баяндады. ”Адабий гезитте” кытайлык кыргыз окумуштуусу, профессор Макелек Өмүрбай менен болгон маек жарыяланды.

Бейшембиге басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөдөгү 100 саясатчынын бедели өткөн жума ичинде кандай өзгөргөнү баяндалат. Гезитке ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги борборунун жетекчиси Маркус Мюллер менен болгон маектешүү дагы жарыяланып жатат.

“Кыргызстандагы аз-аздан демократияга, аз-аздан сөз эркиндигине, коррупцияга жана аз көлөмдөгү инвестицияга алымсынууга болбойт” дейт Маркус Мюллер мырза.

Ушул эле жумалыкта дагы кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова буларды айтып берди:

-Баткен обулусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев менен болгон маектешүүгө орун берип жатабыз. Анда Мамат мырза келээрки парламенттик шайлоолорго катышаарын, дагы кайрылып саясатка келээрин айткан. Өлкөнүн жеңил өнөр жайынын кызматкерлери жүн тартыштыгынан улам Казакстанда жана Кыргызстанда өндүрүш токтоп калганына кабатыр болушат. Ташкендеги террордук актыдан кийин өлкөнүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин адистер айтышат. Салык кодексинин жаңы редакциясын кимдер иштеп чыгышы боюнча сунуштар-ойлор ортого салынууда.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси өлкөдө июнь айында Москва шаарынын күндөрү өтөөрүн, ага даярдык башталганын белгиледи.

«Жай мезгили деле алыс эмес. Былтыр Ысыккөлдө туристтик сезон ойдогудай болбоду. Быйыл даярдык эрте башталды. Бирок туристтер үчүн өкмөт киргизген экспресс-анкета аларды чочутушу мүмкүн" деп жазат журналист Елена Мешкова.

Шаршембиде жарык көргөн «Московский Комсомолец-Кыргызстан» басылмасы да президент Аскар Акаевдин Жапон өлкөсүнө сапары, Германия кичи ГЭСтерди курууга жана жабдууга Кыргызстанга 14 миллион 800 миң евро өлчөмүндө узук мөөнөттөгү кредит бөлүп жатканын жана көз догдурлар жаңы жабдууга ээ болгонун кабарлады.

Ысыката районунун Сынташ айылынын тургуну Какен Ташпаева аялдардан чыккан биринчи космонавт Валентина Терешкова менен достук байланышта болгону тууралуу журналист Елена Тихоненконун очерки жарык көрдү. «Өлкөгө эмгек сиңирген мугалим Какен эже азыр 68 жашта болсо да күүлүү-демдүү. Ал 8 уул-кызды жана 26 неберени тарбиялаган бактылуу эне. Жаш кезиндеги курбусу Валентина Терешкова менен дагы бир ирет жолугушуудан үмүт үзбөй жүрөт» дейт автор.

7-апрелдеги “Адабий гезитте” “Шинжаң” журналынын редактору, кытайлык кыргыз Макелек Өмүрбай менен маек жарыяланды. “Биз - Үркүндөн калган кыргыздар эмес, мурунтан бери Кытайда жашап келген жергиликтүү элбиз. Кыргыздар жөнүндө Кытайдын байыркы тарыхый жазууларында дагы бар”дейт Макелек мырза.

Ошондой эле ушул басылмада 27 жашында кырсыкка учурап, эки бутунан айрылса да поэзия аркылуу жашоонун баркын-баасын сезген акын Өмүркул Кулумбаевдин тагдыры жана чыгармачылыгы жөнүндө сөз болот.

8-апрелде басууга даярдалып жаткан “Южный рынок” басылмасында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу гезиттин редактору Чолпон Субакожоева мындай дейт:

- Белгилүү жазуучу Меңди Мамазаированын «Тойдон кийин» деген романынан үзүндү бере баштадык. «Элитада эмне кеп?» деген рубриканын астында саясый жаңылыктар, кадрдык өзгөрүүлөр жана парламентте каралган маселелер тууралуу баяндамалар берилүүдө. Ошондой эле «Вернисаж» рубрикабызда түштүктөгү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары жана өмүр таржымалы жөнүндө кенен баяндалат.
XS
SM
MD
LG