Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

Кипр боюнча референдум каалагандай тыянак берээри арсар


НИКОСИЯ. Кечээ Грекиядагы Кипр президенти Тассос Пападопуос эки Кипрди бириктирүү боюнча Бириккен улуттар уюмунун планын рефрендумда кубаттабоого калкты чакырды. Түрк Кипринин баштыгы Роф Денкташ да колдоо ушундай сунуш менен чыкканын айтты. Мындай пикирлерин тараптар Кипр аймагындагы качкындардын укуктары менен байланыштырууда. БУУ Европа Биримдигине кошулаар алдында эки Кипрди бириктирүү демилгесин көтөрүп, ал боюнча өз программасын сунуштаган. Эгер программа 24-апрелде болоору күтүлүп жаткан референдумда колдоо таппай калса, Европа Биримдиги 1-майда дүйнөлүк таанымга ээ болгон Грекия Киприн гана мүчөлүккө алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG