Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Грузия Орусия генералына кол салууну сынга алды


БРЮССЕЛЬ. Грузия президенти Михаил Саакашвили Орусиянын Грузиядагы генералы Александр Студеникинге кол салуу аракетин сынга алып, аны Москва менен Тбилиси ортосундагы жакшырып бараткан мамилеге тоскоолдук кылуучу күчтөрдүн аракети катары баалады. Окуяны Орусиянын тышкы иштер министринин өкүлү Александр Яковенко да Москва-Тбилиси мамилесине доо кетирген күчтөрдүн аракети катары белгилеген:

- Тбилисинин борборунда жасалган бул акция терең кабатырланууну жаратат. Мунун Орусия-Грузия мамилелеринин өнүгүшүнө тоскоолдук катары жасалгандыгында шек жок. Биз айыпкерлерди таап, жазалоону талап кылабыз.

Генерал Студеникинге кечээ үйүнө баратканда кол салуу болуп, андан жеңил жаракат алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG