Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

НАТОнун баш катчысы бүгүн Орусия президенти менен жолугушат


МОСКВА. НАТОнун баш катчысы Яаап де Хоор Схеффер бүгүн Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин, коргоо министри Сергей Иванов менен жолугушаары күтүлүп жатат. Байкоочулардын баамында, Схеффер НАТОнун чыгышты карай кеңейишине байланышкан Орусиянын нааразылыгын басаңдатуу үчүн келди. Баш катчы өзү кечээ Москвага келип түшкөндөн кийин журналисттерге берген жообунда “Орусия НАТОго керек сыяктуу эле НАТО да Орусияга керек” деп жооп берди. Коргоо министри Сергей Иванов кечээ Нью-Йорк таймс гезитине берген интервьюсунда НАТОнун жана анын аскер базаларынын Орусияга чукул келишине көз жуумп койо албай турганын билдирген. Өткөн аптада НАТОго Чыгыш Европадагы жети мамлекет мүчө болгон. Алардын катарында Балтика өлкөлөрү да бар.

XS
SM
MD
LG