Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:29

ЧЕХ МУСУЛМАНДАРЫ


Чех республикасынын эли Европанын башка өлкөлөрүнүн калкына салыштырмалуу динге көп берилген эмес. Коммунисттик заманда динзарларга катуу кысым көрсөтүлгөндүктөн, Чехиядагы кээ бир чиркөөлөр менен ибадатканалар классикалык музыка угуучу жайларга жана көрсөтмө уюштуруучу жерлерге айланган. Салттуу эмес диндердин ичинен ислам - чехтер үчүн жаңы дин. Ошентсе да 10 миллион элдүү Чехияда азыр 10 миңге жакын мусулман бар жана барган сайын ислам динин кабыл алган чехтердин саны өсүүдө. Чехтер эмне издеп, мусулманчылык жолуна түшүүдө?

Чех Республикасы Европадагы эң атеисттик өлкөлөрдүн бири десе аша чапкандык болбойт. Өлкөнүн 10 миллиондон бир аз көп элинин 40 проценти өздөрүн тарса-католиктери деп эсептешет. Европанын дал ортосунан орун алган Чехиянын дээрлик бардык шаар-кыштактарында чиркөөлөр бар. Сапар үстүндөгү адам чокунсун деп, эски тасма жолдордун боюна кынаптап курулган жана авад күтүлгөн ибадатканаларды чех жергесинде арбын жолуктурууга болот.

Байтак шаар Прагада жайгашкан Ислам борборунун жетекчиси Владимир Санканын айтымында, өлкөдө 10 миң чамалуу мусулман бар. Алардын көбү Жакынкы Чыгыш, Чеченстан, Босния, Иран же Ооганстандан Чехияга башпаанек издеп келген жарандар. Кийинки кезде ислам жана башка өлкө үчүн салттуу эмес диндерди ыйман туткан чехтердин саны өсүүдө. Прагадагы Карлов университетинин профессору Томаш Галик мекендештеринин башка диндерди кабыл алуу себеби тууралуу мындай дейт:

- Менин оюмча, чехтер диндердин, баарыдан мурда христиан динин тарыхынан жакшы кабардар эмес. Чех Республикасында өзгөчө кырдаал түзүлгөн. Анткени коммунисттик бийлик кезинде өлкөдө динге айосуз кысым жасалгандыктан, алиге чейин чиркөөлөр коомдук турмушка көп аралашпайт. Ошондуктан, динди өз турмушунда көрүп-билбеген көптөгөн адамдардын айрым бирөөлөрү динге бир жактуу мамиле кылат. Ошон үчүн алар кээ бир кызыктуу динзарларге жолугуп калышса, алардын ишенимине өткөнгө ачык келишет.

Прагадагы жалгыз мечиттин имамы Владимир ажы Санка. Ал 15 жыл геолог болуп иштеген. Ислам динин тогуз жыл илгери кабыл алган. Владимирдин мусулманчылыкка өтүүсү, өзү айткандай, анын руханий изденүүсүнүн натыйжасы болду:

- Биздин коомубуздагы бардык иш-аракет материалдык дүйнөгө баш ийдирилгендиктен, менин ички дүйнөм ал кезде өтө жарды эле. Рухий дүйнөмө эмнегедир бир нерсе жетишпеди. Мен Кудайды таптым. Мен Кудайдын бар экенине ишенем. Алла -ааламдын жаратуучусу. Алла баарыдан улук жана адилеттикти алып келет. Жаман ишти жасаган адамдар жазасыз калбасы шексиз.

Жашы 40тын кырындагы Владимир динден алыс үй-бүлөдө туулган. Ислам “иудаизмди жана христианчылыкты чанбастан, тескерисинче, “бириктирет”. Исламдин ушул касиети мени өзүнө тартты дейт эки ирет Меккеге зыярат жасап келген жана Куранды “кыраатына сала” арабча окуган Владимир ажы.

26 жаштагы Андрей Машатов да узак изденүүдөн кийин 1998-жылы исламга өткөн. Андрейдин сөзүнчө, анын исламга болгон кызыгуусу Мисирге саякат жасап, араб маданияты менен таанышкандан тартып күч алат:

- Өмүр бою атеист элем. Бирок 17 жашка толгонумда өмүрдүн руханий жагына кызыга баштадым. Көп нерсени баштан кечирдим. Өмүрүмдүн бир нече жылын Франциядагы өтө катаал католик кечилканасында өткөрдүм. Мисирге сапарга барганымдан кийин араб маданияты мен үчүн түшүнүктүү боло баштады.

Андрей араб кызына жолугуп, ага ашык болот да, бөтөн диндеги бул кыз менен никелешип жашоо үчүн мусулманчылык жолуна түшүп, намазга жыгылат. Шарият боюнча, мусулман эркектери тарса аялдарга үйлөнө алат. Лекин, мусулман аялдардын кайридиндерге күйөөгө чыгуусуна уруксат жок.

Прагадагы ислам маданий борборунун алдындагы намазканага мусулманчылыктын каада-салтын үйрөнүү максатында ар кандай кесиптеги чехтер үзбөй келип турушат. Борбордун төрагасы, молдо Саадеддин Эгленжеоглы акыркы жылдары түрдүү курактагы чехтер такыба болушуп, мусулманчылык жолуна түштү дейт:

- Биздин Ислам маданий маркезибизде бардыгы 32 аял-эркек мусулман болду. Алардын көбү - аялдар. Жаш курагы 25 менен 60тын ортосундагы адамдар. Алардын арасындагы даарыгерлери да, ишкерлер да бар. Деги түрдүү кызматтагы адамдар.

“Байдөөлөт жашаган чехтер ислам динине эмне себептен өтүүдө?” деген суроого “Исламды жакшы көрдүк” деп айтышат деди молдо Саадеддин.

Профессор Томаш Галиктин байкашынча, Жакынкы Чыгыштагы араб мамлекеттериндеги саясый кырдаал да айрым чехтердин адамдардын ислам динине ооп кетүүсүнө түрткү берүүдө:

- Алардын кээ бирлери анча чоң болбосо да ислам өлкөлөрүнүн Израил мамлекетине болгон бир жактуу саясый ташбыйкатоосунун таасирине берилишти.

Чех илимпозу экинчи бир адамдар Кошмо Штаттар башындагы күчтөрдүн Иракка басып кирүүсүнө нааразычылык катары же согушка каршы туруунун бир формасы иретинде исламга өтүшү ыктымал деген да божомол кылат.

Алты жылдан бери мусулманчылыктын важиптерин же парз-милдеттерин астейдил аткарып жүргөн Андрей - дин адамдын рухий жашоосундагы купуя иш болгондуктан, аны элге ашкере шардана кылуунун зарылдыгы жок деген ишеничте:

- Сен динге ишенгениңди өз жашооң менен көрсөтүшүң керек. “Мен мусулманмын. Мен тарсамын” деп ачык айтуунун зарылдыгы деле жок. Сен анын жөрөлгөлөрүн жөн эле аткара бер жана сенин ким экениңди ар кимдин билүүсү деле шарт эмес. Эң маанилүүсү - бул сенин аракеттенүүң, адамдарга жасаган мамилең, Кудайга болгон ишеничиң жана сенин ички рухий дүйнөң.
XS
SM
MD
LG