Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

ТҮРКМӨНСТАНДА ҮЙ-ЖАЙСЫЗ КАЛГАНДАР КӨБӨЙДҮ


Бурулкан Турдубек кызы, Прага Ашхабад шаарынын айланасындагы айылдарда өткөн жылдан бери жүздөгөн бүлөлөр үй-жайсыз калышты. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө мечит имараттарынын жаңы курулуштары түрткү болууда. Башкача айтканда, Түркмөн бийлиги архитектуралык көрүнүшү мыкты жаңы мечиттердин айланасында турак жайлардын жайгашышын каалаган жери жок. Бул өз кезегинде Ашхабадга каттаган чоң жолду бойлой жайгашкан айрым айылдарды көчүрүү аракеттери менен коштолууда.

Түркмөнстандын ырасмий саясаты боюнча мечиттер өлкөдөгү рухий дөөлөттөр катары кызмат кылышы керек. Ошондуктан Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов акыркы жылдарда архитектуралык жасалгалары келишкен мечиттерди салдырууну үлгү катары көрсөтүүдө. Бирок Түркмөнбашы акыркы билдирүүсүндө мечиттерди куруу мындан ары чектелиши ыктымал деди:

- Мен азыр дин тармагынын көйгөйлөрүнө токтолоюн. Мен үч мечит тууралуу жардыкка кол койдум. Мындан башка мечит курбагыла.

Бирок буга чейинки мечит курулуштары карапайым калктын убарасын көбөйтүп, жүздөгөн адамдарды үй-жайсыз калтырды.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун билдиргенине караганда, маселен, 2003-жылдын декабрында Ялка айылындагы 500 чамалаш турак үйдү 24 сааттын ичинде бузуп, аймакты тазалоо буйругу берилген. Мунун себебин бийлик турак-жайлардын мыйзамсыз курулгандыгы менен түшүндүргөн.

Бир айдан бери айтылып жүргөн аңыз кепти анча этибар албаган эл чынында эле шаштысы кетип, бирок каршылык көрсөтүшкөн эмес, муну майнапсыз аракет катары баалашкан. Институттун кабарчысынын суроолоруна берген жообунда бул айылдын Меред деген тургуну эми өзүнүкүндөй үй салыш үчүн төрт жыл керек дейт. Анын айтымында, Ялка айылы ага жакын жердеги Кипчак айылын жана анда курулуп жаткан жаңы мечитти чоң жолдон өткөндөргө даана көрсөтүш үчүн бузулду. Эми айылдын орду гүлбакчага айландырылып, ага президенттин энеси Кербан Солтондун ысымы коюлаары айтылууда.

Кипчак - президент Ниязов төрөлгөн айыл. Бул жерге мечит салуу демилгесин ал 2001-жылдын августунда көтөрүп, анын курулушу 6-октябрда башталган. 20 миң мусулманга эсептелген бул мечитке 100 миллион доллар каражат сарпталганы жана анын быйыл 6-октябрда ачылаары тууралуу маалыматтар бар. Бул күн Түркмөнстанда 1948-жылкы жер титирөөдө көзү өткөндөрдү эскерүү күнү катары саналат. Ошол жер титирөөдө Сапармурад Ниязовдун энеси менен эки биртууганы да набыт болушкан.

Ал эми үй-жайсыз калган ялкалыктар мындан аркы турмушун кантип жөнгө салаарын өздөрү да билишпейт. Өкмөт эски турак-жайдын жыгач-ташын жыйнап алганга мүмкүндүк беришпегенине да, арзыбаган каражатына да капа болуп жүрүшөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бири калктын жабыркап жатканына жаны ачыганын, бирок жогору жактын буйругун аткарбаска аргасы жогун айтат.

Атын атагысы келбеген мамлекеттик кызматчы “2500 кишинин себепсиз үй-жайынан ажырап, каражатсыз калышы кыйын иш. Муну баары эле түшүнүп турат. Мындай жагдай экстремизмдин уругун сээп атканын да түшүнүп турушат. Биздин эл чыдамкайлыгынан түтүп атат” дейт.

Бул аралыкта адам укугун коргоо боюнча эларалык лига менен адам укугу боюнча Хельсинки федерациясы Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда уюмдар Түркмөнстанда калктын атуулдук жана саясий укуктары бузулуп жатканын белгилешип, бул өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан жагдайды жөнгө салууга көмөктөшүүнү Бириккен улуттар уюмунун комиссиясынан суранышкан.
XS
SM
MD
LG