Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

ИРАКТАГЫ АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИН САНЫ КӨБӨЙТҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы акыркы окуяларга кээ бир саясатчылар жана эксперттер тынчсыздана баштады. Бирок АКШ жетекчилигинин айтымында, Ирактагы америкалык саясат өзгөрбөйт жана алдыга коюлган максатка жетүү үчүн өлкөдөгү аскерлердин саны дагы көбөйтүлөт.

Швециянын мурдагы тышкы иштер министри, Ирактын кеңири кыруучу куралын издөө ишинде Бириккен улуттардын инспекторлорун жетектеген Ханс Бликс 8-апрелде франциялык бир гезитке интервью берип, жакын арада Иракта ич-ара согуш башталып кетиши мүмкүн деп билдирди. Бир аптанын ичинде Иракта америкалык 35 солдат, украиналык бир, сальвадордук бир аскер жана ирактык эки жүзгө жакын жаран курман болду.

7-апрелде болсо АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд атайын билдирүү жасап, жакын арада Иракка кошумча күч жиберилээри тууралуу айтты. Өлкөдөгү америкалык аскерлер мезгил-мезгили менен алмаштырылып турат, ошондуктан алардын санын көбөйтүү үчүн мөөнөтү аяктаган солдаттар өлкөдө дагы калат. Азыр Иракта 135 миң америкалык жана дагы башка кыркка жакын өлкөдөн келген 24 миң аскер бар.

Кээ бир эксперттердин пикиринде, америкалык жетекчилик Ирактан өз аскерлерин чыгарып кетиши да мүмкүн болчу, бирок Рамсфелддин айтымында, алдыга коюлган максат аткарылмайынча АКШ Ирактан кетпейт:

- Америка Кошмо Штаттары мурдагы саясатын улантат. Алдыга коюлган милдет аткарылмайынча биз өлкөдө калабыз. Президент Буш айткандай, 25 миллион адамга азаттык берүү үчүн биз Иракка кирип жана ушунча жоготууга дуушар болгонубуз - кайсы бир каракчылар тобу алдында чегинип, өлкөдөн чыгып кетүү үчүн жасалган эмес.

Анткен менен өлкөдө түзүлгөн абал бир кыйла оор - америкалыктарга каршы шийи мусулмандары гана эмес, суннилер да аракеттенүүгө киришти. Бир-бирине касташ бул эки топтун бир багытта аракет көрүп жатканы саясатчыларды чочулата баштады.

Андан тышкары, эгер мурда негизинен америкалык аскерлерге каршы гана чабуул жасалып келсе, акыркы аптада куралдуу кагылышууларга башка өлкөлөрдүн аскерлери да катышууга мажбур болду. Алар болсо Иракка согушуу үчүн эмес, тынчтык орнотуу максатында жиберилген. Кээ бир эксперттердин пикиринде, эгер алардын арасында жоготуулар көбөйүп кетсе, Ирак согушунда АКШны колдогон коалиция ичинде да араздашуу пайда болушу мүмкүн.

Украиналык аскерлерге Кут шаарынын алдында чабуул жасалгандан бир солдат курман болгон. Насирия шаарынын алдындагы салгылашууда италиялык 12 аскер жаракат алды. Жапаниядан келген беш жүзгө жакын адис болсо гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн гана даярдалган, ошондуктан алар жайгашкан Самава шаарынын алдында кагылышуу башталганда, ок атышуу басылганга чейин алар жашынган жеринен чыкпай койушкан.

Кагылышуулардын мынчалык көбөйгөнү чындап эле Ирак эли биригип, америкалык оккупацияга каршы күрөш баштаганы сыяктуу таасир калтырат. Бирок америкалык "Мурас" фондунун эксперти Жэк Спенсердин пикиринде, бул жөн гана радикал динаятчылардын аракеттери. Анткени АКШнын күчү менен Иракта демократиялык тартип орногону аларга пайда алып келбейт:

- 30-июнда Ирактагы бийлик ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилүүгө тийиш жана ошол мөөнөткө чейин белгиленген иштер аткарылбай калып, демократиялык өзгөрүүлөр ишке ашпашын эңсегендер бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө. Ал мөөнөт жакындаган сайын, алардын демократияга тоскоолдук кылууга башка чаралары калбай баратат.

Сингапурдагы Стратегиялык изилдөөөлөр борборунун эксперти Рохан Гунаратнанын айтымында болсо, эгер америкалыктар Ирактан азыр чыгып кете турган болсо өлкө экинчи Ооганстанга айланат.

XS
SM
MD
LG