Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Улуттук банк депозиттерди коргоого киришти


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Депозиттерди коргоо системасы» аттуу «тегерек стол» жыйыны болду. Ага улуттук банктын, коммерциялык банктын өкүлдөрү, депутаттар жана эларалык каржы институттарынын эксперттери катышты. Анын максаты майда аманатчылардын укугун коргоо, финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жолдорун аныктоо болду. Жыйындын катышуучулары бул максатка жетүүнүн натыйжалуу жолу катары резервдик фонд түзүү маселесин талкуулашты. Алардын сунушу боюнча, резервдик фонддогу каражаттын 50 процентин бюджетин эсебинен өкмөт, калганын коммерциялык банктар мүчөлүк акы катары топтошу зарыл. Эгер коммерциялык банктар мындан баш тартса улуттук банк аларды аманатчылардан акча чогултуу укугунан ажыратып, лицензия бербей коюшу да мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG